Кыргыз Республикасынын өкмтүнүн 2018-жылдын 15-август № 18-82 ««Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму тууралуу» Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеңешменин Протоколу

Жарыяланган  12/12/2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеңешменин № 18-82 ПРОТОКОЛУ

  1. «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму тууралуу

(Кутнаева, Панкратов, Касымалиев, Ахметова, Шаршембиев, Омурбекова, Боронов, Абылгазиев)

Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планынын (мындан ары – План) долбоорун жана министрликтерди жана ведомстволорлорду «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна (мындан ары - «Түндүк» ВЭӨТ) туташтыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, чечим кабыл алынды:

  1. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планы бекитилсин.
  2. Министрликтер жана ведомстволорлор:
  • Планга ылайык маалыматтар базаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүүнү жана аларды «Түндүк» ВЭӨТүнө туташтырууну артыкчылыктуу катары эсептешсин;
  • биринчи кезектеги маалыматтар базалары иштеп чыгарылгандан кийин маалыматты ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин Каталогуна киргизишсин, ал «Түндүк» ВЭӨТүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматты эсепке алууну жана берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги №200 токтому менен бекитилген «Түндүк» ВЭӨТүндө маалыматтык тутумдардын өз ара аракеттенүү Талаптарына ылайык жүзөгө ашыруучу маалыматтык тутум болуп саналат;
  • ченемдик укуктук акттарды иштеп чыгуу жана экспертизалоо учурунда жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кагаз форматында маалымкаттарды берүү тууралуу ченемдерди жокко чыгаруу мүмкүндүгүн, маалыматты электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу пайдалануу мүмкүндүгүн эске алуу менен караштыруу, же болбосо мамлекеттик органдарды маалыматты «Түндүк» ВЭӨТүнүн жардамы менен ведомстволор аралык маалыматтар алмашуу жолу менен өз алдынча алууга милдеттендирүү;
  • эл аралык уюмдардан техникалык жардам суроо учурунда артыкчылыктуу багыт катары электрондук башкарууну жана маалыматтык технологияларды ишке киргизүүнү караштыруу.
  1. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу планын аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөө.
  2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун 2018-жылдын 6-июнундагы № 18-61 (2018-жылдын 12-июнундагы чыг. № 18-2488) жана 2018-жылдын 27-июнундагы № 18-68 (2018-жылдын 12-июнундагы чыг. № 18-2777) протоколдук тапшырмаларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Э.Б. Бусурманкуловдун 2018-жылдын 10-июлундагы № 18-2488 (2018-жылдын 12-июнундагы чыг. № 18-2488) тапшырмасын аткарышпаган, же туура эмес маалыматты (берилүүчү же суралуучу маалымкаттардын жоктугу тууралуу) беришкен министрликтер жана ведомстволорлор, бир жума мөөнөтү ичинде жогоруда көрсөтүлгөн протоколдордун иш-чараларын аткарууну аякташсын жана тапшырмаларды аткаруу тууралуу талап кылынган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, аткарбай коюу себептерин түшүндүрүү жана аткаруучулардын жоопкерчилигин караштыруу менен киргизишсин;

- 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына кайсы бир кызматтарды сунуштоо же мамлекеттик органдын функцияларын аткаруу менен байланышкан мамлекеттик же муниципалдык органдын маалыматтык тутумдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча сунуштарын (мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларында эсепке алынбаган) беришсин жана аткаруунун реалдуу мөөнөттөрүн аныкташсын;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик жана муниципалдык органдардан жооптор алынгандан кийин сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына көмөк көрсөтсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген электрондук форматка которулууга тийиш болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тизмегин кайра карап чыксын жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн мамлекеттик ишкана тууралуу 2018-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомун аткаруу үчүн каражаттарды бөлүп берсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:

- Президенттин Иштер башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн имаратты берүү тууралуу маселени карап чыгышсын.

- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы мамлекеттик кызматтарды санын кеңейтүү жөнүндө маселени чечүүнү ылдамдатсын. 2018-жылдын 28-сентябрына чейинки мөөнөттө электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын өнөр жайлык ишке киргизүүнү жүзөгө ашырсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «Түндүк» ВЭӨТүнүн алкактарында жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу калкка маалымдоо боюнча медиа-план иштеп чыгарсын.
  2. Ушул протоколдун чечимдерин аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн:

- 2, 3 жана 4 пункттары – тиешелүү бөлүмдөргө;

-  5-пункт  - эл аралык кызматташуу бөлүмүнө;

- 6-пункт – экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө;

- 7-пункт - финансылар жана кредит саясаты бөлүмүнө;

-  8-пункттар – курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө.

 

  Премьер-министр                                                                          М.Д. Абылгазиев