Жаңылыктар

ЕККУ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана "Түндүк" МИ 2020-жылга кызматташуу планына кол коюшту

Бүгүн "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын мүдүрү Нурия Кутнаева жана ЕККУ (ОБСЕ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Пьер фон Аркс 2020-жылга кызматташуу планына кол коюшту.

Нурия Кутнаева ЕККУ (ОБСЕ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин туруктуу колдоосун төмөнкүдө атап кетти:

- электрондук өз ара аракеттенүүнү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын кеңейтүү үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү;
- электрондук башкаруунун элементтерин иштеп чыгууда жана киргизүүдө эксперттик колдоо көрсөтүүдө;
- өлкөдөгү санариптик трансформациялоонун учурдагы долбоорлору жөнүндө маалымдоону жогорулатуу.

Элчи фон Аркс, өз кезегинде, ЕККУ Кыргызстандагы санариптик өзгөрүүлөргө чоң көңүл бөлөөрүн билдирди, башынан баштап Өкмөттүн санариптештирүү долбоорлору боюнча колдойт жана "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик өзгөрүүлөр Концепциясынын алкагында кызматташууну улантат.