«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын 2019-2020-жылдарга коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчету

Жарыяланган  10/07/2020

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын 2019-2020-жылдарга коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчету

 

Иш-чаранын аталышы

Максаты

Ишке ашыруу мөөнөтү

Жетишилди/ жетишилген эмес

Себеби

Эскертүү

1.

«Түндүк» МИнин расмий сайтында «Түндүк» ВЭӨТтүн мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүнүн бар экендигин жана статистикасын чагылдыруу (транзакциялардын саны)

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнө байкоо жүргүзүүнүн индикаторлорун түзүү

2019-жылдын IV чейреги жана андан ары дайыма

Аткарылды жана андан ары туруктуу негизде ишке ашырылууда  

"Түндүк" ВЭӨТтө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү бар экендиги жана статистикасы  (транзакциялардын саны)  "Түндүк" МИнин расмий сайтына жайгаштырылган  (https://catalog.ordo.gov.kg/Tunduk/Monitoring/Index)

Андан ары статистикалык маалыматты интерактивдик формада расмий сайтта чагылдыруу пландаштырылууда.

(азыркы учурда "Түндүк" МИнин сайтынын жаңы версиясында интерактивдүүлүктү ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө).

2.

«Түндүк» МИнин расмий сайтында «Түндүк» ВЭӨТтүн мамлекеттик органдардын  кошулуусун көрсөтүүнү автоматташтыруу

"Санариптик Кыргызстан 2019-2023" Концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын  ишке ашыруу жана санариптештирүү процесстерин байкоо мүмкүнчүлүгүн түзүү

Туруктуу негизинде ай сайын жаңылоо

Аткарылды жана андан ары туруктуу негизде ишке ашырылууда  

"Түндүк" ВЭӨТкө мамлекеттик органдардын байланышын чагылдыруу "Түндүк" МИнин расмий сайтында https://catalog.ordo.gov.kg/Tunduk/Members/Index шилтемеде жайгаштырылган.

"Түндүк" ВЭӨТкө мамлекеттик жана жеке уюмдарды кошуу процесси интерактивдүү түрүндө (азыркы учурда "Түндүк" МИнин сайтынын жаңы версиясында интерактивдүүлүктү ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө).

3.

"Түндүк" МИнин расмий сайтында "Түндүк" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүчү коррупцияга каршы иш-чараларга арналган бөлүмүн ишке киргизүү.

 

Ишкананын иш-аракетинин отчетторунун жана коомдук контролдун шарттарын түзүү

2020-жылдын II чейреги

Иштер жүргүзүлүп жатат

Аткаруу мөөнөтү келе элек.

Коррупцияга каршы иш-чаралар боюнча бөлүм "Түндүк" МИнин расмий сайтынын жаңы версиясында каралган

 

4.

Кызыкчылыктардын кагылышы жаатындагы мыйзамдарды эске алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу

Сатып алуулардын ачык-айкын жол-жоболорун жүргүзүү жана мамлекеттик сатып алуулар жана кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу жаатындагы мыйзамдарды сактоо

2019-жылдын IV чейреги

Аткарылды   Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү боюнча нускама "Түндүк" МИнин буйругу менен  2019-жылдын 15-октябрьда № 27-а  бекитилген.

5.

Ички эмгек тартибинин эрежелерин иштеп чыгуу

Эмгектик өз ара мамилелерди тартипке келтирүү жана эмгек тартибинин сакталышына контролду орнотуу

2020-жылдын I чейреги

Аткарылды   Ички эмгек тартибинин эрежелери "Түндүк" МИнин буйругу менен 2019-жылдын 10-октябрьда № 25-а бекитилген.

6.

"Түндүк" МИнин кызматкерлерин коррупциялык укук бузууларга тартуу учурларын каттоо боюнча журнал алып баруу, анын ичинде даттануулар жана сунуштар китепчесин алып, ошондой эле жарандардын кайрылуулары боюнча расмий сайтта бөлүмүн түзүү

"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу

2019-жылдын IV чейреги

Жарым-жартылай аткарылды 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Түндүк" МИнин дарегине жарандардын кайрылуусу болгон эмес Ошол эле учурда, жарандардын кайрылуулары боюнча бөлүм "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын расмий сайтынын жаңы нускасында келтирилген. Калгандарын атап айтканда пункт ишке ашырылган  

7.

Окуу коомчулук үчүн семинар, тегерек үстөлдөрдү жана симпозиумдарды өткөрүү конференцияларга ж.б. катышуу аркылуу "Түндүк" МИнин ишинин маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу

 

 

 

 

 

Ишкананын уставында белгиленген максаттарды ишке ашырууга коомдук контролдоо жана жардам берүү максатында жарандык коомду "Түндүк" МИнин ишине тартуу.

2020-жылдын I чейреги

Аткарылды   "Түндүк" МИси 2019-жылы 49 презентацияларда, конференцияларда, тегерек столдордо, семинарларда, 20 интервьюларда, 10 форумдарда докладдар менен катышты

8.

Жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес кабыл алууну өткөрүү

"Түндүк" МИнин ишинин ачык-айкындуулук механизмдерин түзүү»

Туруктуу негизде

Аткарылды   "Түндүк" МИнин 2019-жылдын 6-декабрынын 45-пр буйругу менен жетекчиликке, ошондой эле бардык кызматкерлерге жарандарды кайрылууда  кабыл алуу жана консультациялык жардам берүү тапшырмасы берилген. Ошону менен бирге 2019-жылы "Түндүк" МИге жарандардын кайрылуусу болгон эмес.