Департамент Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын – бала бакчалардан университеттерге чейин өнүктүрүүгө жардам берген санариптик чечимдерге жооп берет. Биз билим берүү кызматтарын санариптик форматта ыңгайлуу, ачык-айкын жана жеткиликтүү кылуу үчүн иштейбиз. Биздин милдет – заманбап билим берүү сервистери курулган санариптик инфраструктураны түзүү жана колдоо. Департамент КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана КР Илим жана жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматтык системаларын киргизет, модернизациялайт жана коштоп жүрөт, алардын туруктуу иштешин жана өнүгүшүн камсыздайт.
Билим берүү тармагында маалыматтык системаларды киргизебиз жана өнүктүрөбүз Мектептер, бала бакчалар, колледждер жана ЖОЖдор колдонгон санариптик сервистерди колдойбуз Иштеп жаткан чечимдерди модернизациялайбыз жана жаңы санариптик продуктуларды жаратабыз Техникалык колдоо көрсөтөбүз жана функционалды өнүктүрөбүз
bilim.gov.kg – Билим берүү министрлигинин бардык МСке жетүү үчүн бирдиктүү портал
АИС «Балалык» – бала бакчаларга электрондук кезек
АИС «Мектеп» – мектептерге онлайн-жазуу АИС «Күндөлүк» – электрондук күндөлүк жана журнал
АИС «Мугалим» – педагогикалык кадрлардын базасы
АИС «Күбөлүк» – аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестри
АИС «Диплом» – дипломдордун реестри (БББ, АОББ, ЖОЖдор) Онлайн-кабыл алуу порталы – ЖОЖдорго, колледждерге жана кесиптик лицейлерге кабыл алуу
АИС «Санариптик дарбаза» – чет элдик абитуриенттердин тапшыруусу
АИС «Чет өлкөдөгү студенттер» – чет өлкөдө окуу үчүн талапкерлерди тандоо АСУЛА – билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана аккредитациялоо
ИСУО – билим берүү процессин башкаруу системасы