Жаңылыктар
«Түндүк» ААКнын акыркы окуяларынан жана демилгелеринен кабардар болуңуз. Биз маанилүү жаңыртуулар, жетишкендиктер жана жаңы долбоорлор менен бөлүшөбүз.
«Түндүк» ААКнын акыркы окуяларынан жана демилгелеринен кабардар болуңуз. Биз маанилүү жаңыртуулар, жетишкендиктер жана жаңы долбоорлор менен бөлүшөбүз.
Ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялар министрлигинин кызматкерлеринин арасында мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке «Түндүк» ААКтан үч команда катышты. Турнирдин жыйынтыгында командалардын бири татыктуу түрдө 3-орунду ээлеп, командалык биримдикти, ишенимдүү оюнду жана жогорку командалык духту көрсөтө алды. Турнирдин негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу, командалык духту бекемдөө жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүү. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар медаль жана грамоталарга ээ болуу менен бирге, күч-кубатка толуп, позитивдүү эмоцияларды жана жылуу, достук атмосфераны сезишти. Мындай атмосфера, тажрыйба көрсөткөндөй, натыйжага жетүүдө ар кандай стратегиялардан кем эмес роль ойнойт.
Бул өзүңүздү керексиз кредиттерден коргоого жардам берген санариптик курал.Механизм Tunduk мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын кредиттик бюролору, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана Tunduk мамлекеттик сервиси тарабынан биргелешип ишке ашырылган.Бул эмнени билдирет?Өзүн-өзү тыюу салуу - бул сиздин атыңызга кредиттерди жана зайымдарды берүүгө ыктыярдуу жана акысыз тыюу салуу.Сиз аны өз алдынча, онлайн түрдө орнотуп жана алып сала аласыз. Тыюу салуу Tunduk тиркемеси аркылуу коюлат жана ал алынганга чейин күчүндө болот.Тыюу салуу алынгандан кийин 12 сааттык “муздатуу” мезгили каралган. Бул убакыт аралыгында кредит берилбейт.Билишиңиз маанилүү:Эгерде активдүү өзүн-өзү тыюу салуу бар учурда кредит берилсе, мындай келишим жараксыз деп эсептелет жана жоопкерчилик кредиторго жүктөлөт.Кайда иштейт?Өзүн-өзү тыюу салуу кредиттик бюролор аркылуу иштейт:- КИБ «Ишеним»- КИБ «СЭС»Булардын бирөөсүндө тыюу салуунун коюлушу жетиштүү.
Иш сапардын жүрүшүндө кызматкерлер мекеменин жашоочулары менен таанышып, керектүү техникаларды, ыңгайлуулукту жогорулатуучу каражаттарды, ошондой эле азык-түлүктөрдү тапшырышты.Мындай демилгелер компаниянын социалдык жоопкерчилигинин бир бөлүгү болуп саналат жана өзгөчө көңүл бурууга жана камкордукка муктаж болгон адамдарды колдоого багытталган!