Биз медициналык жана социалдык колдоону жеңил, ыңгайлуу жана адамдарга жакыныраак кылган командабыз. Саламаттыкты сактоону жана социалдык коргоону санариптештирүү департаменти – Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин техникалык оператору. Бүгүнкү күндө департамент дарыгерлерге, социалдык коргоо адистерине жана өлкө боюнча миллиондогон адамдарга жардам берген 15тен ашык мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгат жана колдойт.
БИЗ ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКПИЗ Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзөбүз Медицина жана социалдык коргоо тармагындагы процесстерди санариптештиребиз Санариптик сервистерди интеграциялайбыз жана коштойбуз Маалыматтар жана аналитика менен иштейбиз
НЕГИЗГИ ДОЛБООРЛОР ЕССО - Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасы Бардык жөлөкпулдарды дайындоо жана эсепке алуу процесстери – бирдиктүү санариптик платформада.
Sanarip Clinic – пациенттин санариптик картасы Онлайн жазылуу, дайындоолор, анализдер жана маалымкаттар бир тиркемеде. Буга чейин 6,9 миллион жаранды камтыйт.
iEmdoo – вакцинация Эмдөөлөрдү эсепке алуу жана жарандарга автоматтык эскертүүлөр.
iLAB – лабораториялык изилдөөлөр Анализдердин санариптик тарыхы жана жыйынтыктарга тез жетүү.
iEPID – инфекциялардын мониторинги Өлкө боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн жана тезирээк реакция кылууга жардам берген система.