Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январь № 18-130 Протоколу

Жарыяланган  06/04/2020

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январь № 18-130 «Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеңешменин ПРОТОКОЛУ

 

1. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планын ишке ашыруу тууралуу

__________________________________________________________________________

(Кутнаева, Джамангулов, Мамыркалиев, Кудайбердиева, Кочкоров, Абдыжапаров, Шаикова, Шаршембиев, Абылгазиев)

 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбор» мамлекеттик ишканасынын директору Н.А.Кутнаеванын Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планын ишке ашыруу тууралуу маалыматын угуп чыгып жана талкуулап, чечим кабыл алынды:

  1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбор» мамлекеттик ишканасынын маалыматы эске алынсын.
  2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволорлор:

– Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө маалыматтар базаларын иштеп чыкпагандар, иштеп чыгууларды 2019-жылдын 1-апрелине чейин аякташсын;

– иштелип чыккан маалыматтык базалары бар болгондор, «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун жардамы менен маалымат алмашууларды жүргүзсүн;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтык базаларды иштеп чыгуу маселелерин кароо жана мамлекеттик органдардын алдыда боло турган Коллегияларынын отурумдарында «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун жардамы менен маалымат алмашуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө аткаруучу тараптан Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын иштеп чыгуу боюнча, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтар үчүн төлөм шлюзунун компонентин жана өнөр жай пайдалануусуна карата кабыл алууга даяр электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын кошо алуу менен бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.
  2. Ушул чечимдин тапшырмаларын аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

2. Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү жана суралуучу кагаз түрүндөгү маалымкаттардын айрым түрлөрүн электрондук форматка которуу тууралуу

__________________________________________________________________________

(Кутнаева, Шаршембиев, Абылгазиев)

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Н.А.Кутнаеванын Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү жана суралуучу кагаз түрүндөгү маалымкаттардын айрым түрлөрүн электрондук форматка которуу тууралуу, ошондой эле жыйындын башка катышуучуларынын маалыматтарын угуп чыгып жана талкуулап, чечим кабыл алынды:

  1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын маалыматы эске алынсын.
  2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволорлор 2019-жылдын 5-февралына чейинки мөөнөттө Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү жана суралуучу кагаз түрүндөгү маалымкаттардын айрым түрлөрүн электрондук форматка которуу тууралуу Иш-чаралар Планынын сунушталуучу долбоорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын сунушун киргизсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү жана суралуучу кагаз түрүндөгү маалымкаттардын айрым түрлөрүн электрондук форматка которуу тууралуу Иш-чаралар Планынын долбоору боюнча мамлекеттик органдардын сунуштарын жалпыласын, жана белгиленген тартипте макулдашылган Планды андан ары бекитүү үчүн киргизсин.
  4. Ушул чечимдин тапшырмаларын аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

3. Ар түрдүү

__________________________________________________________________________

(Буржуев, Кутнаева, Шаршембиев, Абылгазиев)

 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары А.Ч. Буржуевдин жана башка жыйындын катышуучуларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, чечим кабыл алынды:

  1. Мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык тутумдарында камтылган электрондук документтерди алууга мүмкүндүк бере турган жеткиликтүүлүктүн универсалдуу платформасын түзүү жактырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик органдар менен биргеликте белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн маселени иштеп чыксын.

 

Премьер-министр                                                                                                 М.Д. Абылгазиев