Маалыматтык системалар

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы  оператору болуп саналган маалымат системалары:

1. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;

2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогу;

3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы

4. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын «Tunduk» мобилдик тиркемеси

5. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы

6. Бирдиктүү идентификациялоо системасы

7. Электрондук башкаруунун инфратүзүмүнүн реестри жана базалык маалыматтык ресурстардын реестри

8. COVID-19 боюнча долбоорлор: "Азык-түлүк жардам алууга электрондук өтүнмө»

9. COVID-19 боюнча долбоорлор: "Бишкек шаарынын айланасында өзгөчө кырдаал учурунда саат 07:00-20:00 чейин унаа жүрүүгө электрондук уруксат берүү»

10. COVID-19 боюнча долбоорлор: "Медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо" системасы

11. Улуттук мониторинг системасы

12. Стратегиялык пландаштыруу системасы

1. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коммерциялык уюмдардын ортосунда маалыматтарды коопсуз алмашууну камсыз кылуу үчүн ведомстволор аралык "Түндүк" өз ара аракеттенүү тутуму түзүлгөн.

"Түндүк" долбоорунун максаты - мамлекеттик органдарда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияны олуттуу түрдө азайтуу жана автоматташтыруу жана жарандардын жана ишкерлердин бюрократиялык тоскоолдуктарын азайтуу жана ишенимдүү маалыматтарды алууну, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу жана ыкчам алууну камсыз кылуу.

Долбоор 2018-жылдан бери толугу менен ишке ашырылып, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат.

"Түндүк" тутуму мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн изделишин камсыз кылуу, ошондой эле жарандардан жана ишкерлерден бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик жана  жарандардан маалымкат суроо зарылдыгы жок муниципалдык бийлик органдарынын ортосунда маалыматтарды автоматтык түрдө маалымат алмашуу аркылуу коррупцияны азайтуу максатында иштелип чыккан.

"Түндүк" платформасынын иштөө принциптери»:

- ачык-айкындуулук: "Түндүк" тутуму аркылуу маалымат өтүүдө маалыматтардын аныктыгы, ишенимдүүлүгү жана бүтүндүгү камсыздалат;

- "Түндүк" системасынын катышуучулары үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгү, маалыматтарды алмашуу каалаган учурда маалыматтык системалардын ар кандай аракеттенүүсү аркылуу адамдык кийлигишүүсүз мүмкүн экендигин билдирет;

- купуялуулука маалыматтарды шифрлөөнүн жана эки баскычтуу авторизациялоонун жардамы менен жетишилет. "Түндүк" тутуму убактылуу үзгүлтүккө жана кибер чабуулдан корголот;

- технологиялык бейтараптуулук (платформанын көзкарандысыздыгы): Тундук тутумунун катышуучуларынын маалымат тутумдары белгилүү бир тутум үчүн маалыматтык тутумдарды кайра жазуунун зарылдыгы жок маалымат алмашуунун жалпы эрежелерине ылайыкташат. "Түндүк" платформасы программалык камсыздоонун түрүнө көз каранды эмес, б.а. мамлекеттик мекемеде кандай программалык камсыздоо колдонулбасын, «Түндүк» тутуму каалаган маалымат базасына ыңгайлаша алат;

- ар тараптуулук: «Түндүк» тутумунун катышуучулары «Түндүк» аркылуу көрсөтүлүүчү ар кандай кызматтарга мүмкүнчүлүк сурап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 "Түндүк" системасын ишке киргизүү этаптары

 "Түндүк" тутуму иш алып барып жаткан программалык камсыздоо Кыргыз Республикасына Эстония тарабынан 2016-жылы берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-октябрдын 2016-жылдын 436-б тескемесинин негизинде айрым ведомстволор ортосунда пилоттук, б. а. эксперименттик режимде иштеп баштады.  

2018-жылдын апрелинде "Түндүк" МИни системасын толук кандуу ишке киргизүү үчүн түзүлгөн.

Азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар "Түндүк" ВЭӨТкө туташтырылды.

Эгерде, 2018-жылы ар жылдык маалымат алмашуу мамлекеттик органдардын ортосундагы 363 миң транзакцияларды түзсө, мамлекеттик органдардын  жана коммерциялык уюмдардын  ортосунда маалымат алмашуу жокко эсе болчу, ал эми 2020- жылдын октябрь айына жакын мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу 40,0 млн жеткен, ошондой эле мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосунда– 53,3 млн транзакцияларга жетти.

Эл аралык тажрыйба

Азыркы учурда "Түндүк" тутумунун негизинде иштеген эстониялык «X-road» маалымат тутуму, 20 башка өлкөдө иштелип жатат. Адистердин эсептөөлөрү боюнча Эстониядагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы жыл сайын 1 млрд еврого жана 800 иш мезгилине чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт.

2019-жылы Эстонияда:

«X-road» тутумуна 1000ден ашуун коммерциялык уюмдар жана 487 мамлекеттик мекемелер кошулган;
2 600 маалымат кызматтар бар;
2019-жылы дээрлик 1 миллиард өз ара аракеттенүү  же маалымат алмашуу болгон;
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 99% онлайн форматта көрсөтүлгөн;
52 000 мекемелер «X-Road» маалыматтар базасын кыйыр колдонгон " 
99% жарандарда ID-карта бар;
70% интернетти дайыма колдонот.

2. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн чечимдеринин каталогу

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогу (Каталог) "Түндүк" ВЭӨТтүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды жыйноо үчүн арналган жана "Түндүк"ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын катышуучулары жөнүндө маалыматтардын эсебин жана мониторингин жүргүзөт.

Маалыматтык системанын максаты "Түндүк" тутумуна туташтырылган жана "Түндүк" ВЭӨТтө иштеген веб-сервистер тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүүдөн турат. Системанын өзгөчөлүгү  болуп, ал катышуучуларынын тизмесин жана алар көрсөткөн сервистерди адам катышуусуз автоматташтырылган режимде жаңылайт, бул ВЭӨТ катышуучулары жөнүндө маалыматты кайталоонун же бурмалоонун мүмкүн эместигин камсыз кылат.
Ошондой эле тутум техникалык мүнөздөгү маалыматты камтыйт, мисалы, WSDL стандартындагы веб-кызматтарды сүрөттөгөн файлдар, иштеп чыгуучулар үчүн документтер жана "Түндүк" ВЭӨТ объектилеринин метадайындары, бул IT адистерине "Түндүк" ВЭӨТ аркылуу өз ара байланышкан маалыматтык тутумдарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Тутумда төмөнкүлөрдү көрсө болот:

"Түндүк" ВЭӨТтүн  катышуучуларынын тизмеси;
"Түндүк" ВЭӨТкө кошулган коопсуздук серверлери;
"Түндүк" ВЭӨТтөгү  подсистемалар;
"Түндүк" ВЭӨТ  аркылуу алмашууга мүмкүн болгон сервистер

"Каталог" тутуму "Түндүк" МИнин адистери тарабынан иштелип чыккан.

3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2020-жылы жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук форматта көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында ЭКМП модернизациялоо боюнча иш-чаралар башталган.

Бул электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу маалымат системасы.
Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү  электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жардамы менен алууга болот. Жарандар төмөнкү кызматтарга кызыкдар болушкан:
- Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкат алуу
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү (акысыз)
- Никеге туруу жөнүндө маалыматтар
- Даректик - маалымдама бюросунан маалымат берүү
- Айыл чарба малынын болушу жөнүндө маалыматтар
- Пенсиялык топтоолор (топтолмо пенсиялык фонд) жөнүндө маалымат
- Салык карызынын бар же жок экендигин текшерүү
- Транспорт каражаты тууралуу маалыматтар (+айып салуулардын бардыгы)
- Транспортко салык төлөө боюнча маалымат
- Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жөнүндө маалымат (эмгек акы жөнүндө маалымат)
- "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун алууга табыштама берүү
- "Түндүк" тутуму боюнча 19 мамлекеттик органдан башка маалымкаттарды жана документтерди алуу.

Система жигердүү өнүгүүдө жана күн сайын өркүндөтүлүп турат. Ага жаңы маалымат базалары жана маалымат системалары киргизилүүдө.
Электрондук кызматтар порталына кирүү үчүн, калкка кызмат көрсөтүү борборлорунда акысыз берилген булут негизиндеги электрондук колтамга же биометрикалык паспортту - 2017-жылдын ID-картасын колдонуу керек (бул учурда  кардридер бар болушу зарыл жана өзүнүн сырсөзүн эске тутуу керек).
Мындан тышкары, Порталдагы жарандын жеке кабинетинде сервис ишке киргизилген, анын жардамы менен жарандар өздүк маалыматтарын өткөрүп берүүнү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ, б.а. жаран кайсы мамлекеттик органга жана өзүнүн жеке маалыматын кимге өткөрүп бергенин биле алат.

Мамлкеттик портал тарабынан берилген документтер юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-ноябрынын № 573 токтомунун редакциясына ылайык) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтерге барабар. 

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Түндүк" МИси 120 кызматкерди жана 50 мамлекеттик органдын 83 жетекчисин кызмат көрсөтүү үчүн жаңы форматтагы жаңы Порталда иштөөгө үйрөттү.

 

4. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын «Tunduk» мобилдик тиркемеси

Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын «Tunduk» мобилдик тиркемеси – бул мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөргө тез жетүү мүмкүндүгү.

Мобилдик тиркемесин колдонуу менен, төмөнкүлөр мүмкүн болот :

онлайн режиминде кызмат алуу;
кызмат көрсөтүүлөргө арыз берүү;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга акы төлөө.

Tunduk mobileMobile Tunduk businessmobile Tunduk 3Mobile Tunduk 3

Мобилдик колдонмого Кирүү булуттуу электрондук кол тамга аркылуу жүргүзүлөт. Булут электрондук кол тамга калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилет.

Колдонмо Play Market жана App Store.тиркемелеринде жеткиликтүү.

5. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму жарандар мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына электрондук форматта кайрыла алуусу үчүн түзүлгөн. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы  менен, "Түндүк"  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму менен,  Бирдиктүү  идентификациялоо системасы жана башка маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенет.

Жарандар жана ишкерлер электрондук колтамга коюлган расмий электрондук билдирүүлөр менен мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кайрыла алышат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тиешелүү жоопторду ала алышат.

Тутум жарандарга мамлекеттик органдарга кайрылууну кароонун жүрүшүн көзөмөлдөөгө жана алардын кайрылуусунун статусунун өзгөрүшү жөнүндө билдирүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

6. Бирдиктүү идентификациялоо системасы

Бирдиктүү идентификациялоо системасы (мындан ары - БИС) - бул маалымат тутуму мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын электрондук порталдарынын колдонуучуларын идентификациялоо үчүн, жана маалыматка ыйгарым укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

 

БИСи жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталына бирдиктүү кирүү чекити катары кызмат аткарат, б.а. жаранды же кызмат адамын ар кандай маалыматтык системаларда авторизациялоону жокко чыгарат.

Бул аутентификация ыкмасын колдонуунун негизги артыкчылыгы, жарандар ID-картаны же булуттуу электрондук колтамганы колдонуу менен бир жолу гана каттоодон өтүшү керек, жана келечекте аларга БИСке туташкан мамлекеттик органдардын бардык электрондук порталдарына онлайн режиминде мүмкүнчүлүк берилет.

Ошентип, жарандар бирдиктүү эсеп аркылуу ар бир мамлекеттик кызматтын жеткиликтүүлүгүн толугу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мамлекеттик органдар жана ведомстволор үчүн каттоо, бухгалтердик эсеп жана колдонуучуларды башкаруу боюнча кайталанма функционалдуулукту иштеп чыгуунун кажети жок. БИС өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтык тутумдары менен интеграциялоо үчүн да жеткиликтүү. БИС өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтык тутумдары менен интеграциялоо үчүн да жеткиликтүү.

7. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри жана базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри

"Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри" жана "Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри" маалыматтык системалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган бардык автоматташтырылган маалымат тутумдарынын, программалык камсыздоонун, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун, аппараттык жана маалыматтык реестрлердин реестрин эсепке алууну камсыз кылат.

Базалардагы маалыматтар колдонуудагы маалыматтык системаларга, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлоруна жана мамлекеттин катышуусу бар аппараттык жабдууларга жараша киргизилет.

Санариптик реестрлердин маалыматтарын колдонуучулары болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат. Юридикалык жана жеке жактар эки реестрлерде жайгаштырылган маалыматты керектөөчү катары пайдалана алышат.

8. COVID-19 боюнча долбоорлор: "Азык-түлүк жардам алууга электрондук өтүнмө»

COVID-19 пандемиясы учурунда Азык-түлүк жардамына электрондук арыз системасы жарандарга мамлекеттен гуманитардык жардам сурап кайрылууга мүмкүнчүлүк берди. Мамлекеттик органдар үчүн калктын аялуу катмарына жардамды бөлүштүрүү, өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнүн кесепеттеринен жапа чекпеген же турмуштук оор кырдаалга туш болбогон адамдарга жардамды бөлүштүрүүнүн алдын алуу боюнча тутум координацияланган ишти камсыз кылды.

Тутум жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарын жана мамлекеттик органдарды социалдык колдоо жаатында байланыштыруу аркылуу гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Карантин учурунда жарандардан 680 миңден ашуун арыз келип түшкөн, анын 400 миңден ашыгы ушул системанын жардамы менен гуманитардык жардам алышкан. Бул тутумду каттоо, арыз берүү жана калкка гуманитардык жардам алуу, айрыкча өзгөчө кырдаалдарда же башка кырдаалдарда толук масштабдуу тутумга көтөрсө болот.

 

9. COVID-19 боюнча долбоорлор: "Бишкек шаарынын айланасында өзгөчө кырдаал учурунда саат 07:00-20:00 чейин унаа жүрүүгө электрондук уруксат берүү»

"Бишкек шаарынын айланасында өзгөчө кырдаал учурунда саат 07:00-20:00 чейин унаа жүрүүгө электрондук уруксат берүү" тутуму (https://1312.tunduk.kg/) карантин учурунда электрондук форматта электрондук өткөрмө берүүнү ишке ашырган. Тутум өткөрмө берүү процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, өзгөчө абал шарттарында жарандардын ачыктыгын жана максималдуу коопсуздугун камсыз кылууга шарт түздү. "Түндүк" тутуму карантин учурунда кыска мөөнөттө тутумду иштеп чыккан. Карантин мезгилинде мэриянын кызматкерлери тарабынан жарандардан 110 миңден ашык өтүнөлөр каралды жана 13 миң жаранга уруксаат документтери берилген.

10. COVID-19 боюнча долбоорлор: Медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо системасы

Медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо системасы (http://med.tunduk.kg/) - бул медициналык кызматкерлер ден-соолукту чыңдоочу уюмду зарыл болгон жеке коргонуу каражаттары, медициналык багыттагы шаймандар, жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн билдирме жөнөтүп, ошондой эле республикалык штабга учурдагы көйгөйлөр жана жумуштагы кыйынчылыктар (жолдомолор, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акы ж.б.) тууралуу маалымдай турган ачык портал. Карантин учурунда система кыска убакыттын ичинде иштелип чыккан, учурда системаны модернизациялоо боюнча иштер талап кылынат.

11. Улуттук мониторинг системасы

Улуттук мониторинг системасы - бул инфографиканын коштоосунда статистикалык отчеттор түрүндө, белгилүү бир мамлекеттик органдын карамагында турган ири көлөмдөгү маалыматтарды талдоодо мамлекет лидерлери үчүн курал болуп саналган маалыматтык тутум.

12. Стратегиялык пландаштыруу тутуму

"Стратегиялык пландаштыруу тутуму" маалыматтык системасы (мындан ары - "СПТ" МС) бекитилген мамлекеттик стратегиялык документтер (стратегиялар, концепциялар, иш-чаралар, программалар, "жол карталары" жана пландары) жөнүндө маалыматтарды бирдиктүү эсепке алуу, сактоо жана берүү үчүн иштелип чыккан, ошондой эле жогоруда айтылган чаралардын жооптуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылышын контролдоо натыйжалуулугун камсыз кылат.

"СПТ" МСтин колдонуучулары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат. Жарандар заманбап маалыматтарды көрө алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Иштеп чыгуу стадиясында.