Жаңылыктар

Июнь айында биз мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан сурап алынган же берилген бардык маалымкаттарды өз алдынча анализ жасоону чечтик.

Өкмөттүн Аппаратынын жардамы менен июлда 63 мамлекеттик органга таблицаны толтуруу үчүн үлгү менен кат жөнөтүлдү.

Бул сүрөттө 49 мамлекеттик органдын жообун көрөсүздөр (калгандарын күтүп турабыз). Биз мамлекеттик органдар канча маалымкаттарды талап кылаарын анализдеп, алар эмне сурагандыгын көрүп башаламандыка келдик. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар өтө көп маалымкат сурап жатышат. Бир учурларда, бир мамлекеттик органдар маалымкат талап кылып, аны өздөрү беришет. Башка учурларда, чиновниктер  маалымкат берүү үчүн жарандан дагы эки маалымкат  алып келишин талап кылат. Мына ушул жерде коррупциялык тобокелдиктердин себептери болуп жатат, мында мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу эмес системасы камтылып турат.

"ЭӨБ" МИси эми кандай функцияларды жана кызматтарды артыкчылыктуу тартипте автоматташтыруу керек экенине талдоо жүргүзүп, Өкмөттүн Аппаратына сунуштарды киргизет. 

Биздин оюбузча мамлекеттик органдарда маалымкаттарга орун жок,  "Тундук" тутуму бар болгондон кийин маморгандар өздөрү жарандар жөнүндө маалыматтарды бири-биринен сурап алуусу керек деп эсептейбиз.