Жаңылыктар

"Түндүк" Мамлекеттик ишканасынын кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Кечээ "Түндүк" Мамлекеттик ишканасынын кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү.
"Чек арасыз иштөө " кызмат көрсөтүүнү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында техникалык жайгаштыруу жана аны жарандарга тааныштыруу максатында жана алуу мүмкүнчүлүгүн берүү талкууланды.
Евразия экономикалык биримдигинде "Чек арасыз иштөө" издөө тутуму түзүлүп жатат.
Тутум ишке киргенден кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары өз өлкөсүндө дагы,"бештиктин" өлкөлөрүндө дагы жумушка орношуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат жана жумуш берүүчүлөр үчүн кадрларды издөө аянттарынын тизмеси кеңейет.