Жаңылыктар

5-сентябрда мамлекеттик органдарда "Түндүк" тутумун киргизүү боюнча пландарды талкуулоо боюнча көз карандысыз эксперттер менен жемиштүү жолугушуу болуп өттү.

Жарандык коомдун өкүлдөрү маалымкатты алып салуу жана мамлекеттик салык кызматы, транспорт жана жолдор министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Мамлекеттик бажы кызматы сыяктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү жолго салуу боюнча иштөөгө боло турган багыттарды сунушташты.