Жаңылыктар

"Түндүк" мамлекеттик ишканасы KOICA менен консультацияларды өткөрүп жатат

Азыркы учурда "Түндүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2021-жылдын 12-апрелинен 26- апрелине чейин, KOICA техникалык серепчилердин келген иш сапарынын алкагында, ишке ашырылып жаткан электрондук башкаруу архитектурасы жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү менен иш жүзүндө таанышуу максатында KOICA менен консультацияларды өткөрүүдө.
Эксперттердин сапарынын жүрүшүндө кореялык тарап Тундук ВЭӨТтүн ишин иликтөө үчүн мамлекеттик органдарга баруу мүмкүндүгүн уюштуруу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин, ошондой эле "Түндүк" ВЭӨТтү модернизациялоо боюнча сунуштарды андан ары иштеп чыгуу үчүн практикалык аспектилерде лицензиялоо жол-жоболорун уюштуруу маселелерине көмөк көрсөтүүнү суранды.