Жаңылыктар

Порталга кирүү үчүн эки факторлуу аутентификациядан кантип өтүү керек?

Эки факторлуу аутентификация — бул эки башка типтеги маалымат менен кирүүдө колдонуучуну аныктай турган жана жеке кабинетиңизди коргоону күчөтө турган ыкма:
 
Логин жана пароль;
Бир жолу колдонуучу пароль (БКП).
 
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү үчүн колдонуучунун порталга кирүүдөгү коопсуздугун камсыз кылуучу жана аны так аныктоочу Идентификациялоонун бирдиктүү системасынан авторизациядан өтүү зарыл.
 
Бирдиктүү идентификациялоо системасына кирүүдө логин (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда көрсөтүлгөн 14 орундуу номер) жана пароль (электрондук дарекке келген номер) жазылат. Мисалы: Hlkji78j4R.
 
Андан кийин жеке адамбы же юридикалык уюмбу – зарыл болгон кол тамганы тандоо керек.
 
Эми экинчи фактор тууралуу:
Мурда тиркелген электрондук почтага келген бир жолку паролду киргизишиңиз керек.
 
Сиз идентификациялоонун экинчи факторунан ийгиликтүү өткөн болосуз.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: https://portal.tunduk.kg