Жаңылыктар

Паролду кантип калыбына келтирсе болот?

Эгерде сиз бирдиктүү идентификациялоо системасына (БИС) кирүү үчүн болгон паролду унутуп калсаңыз же жоготсоңуз төмөнкү кадамдарды жасоо керек:
Логинди жазуу (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда көрсөтүлгөн 14 орундуу номер);
 
Андан соң «Паролду унуттуңузбу?» баскычын басуу керек;
 
Паролду СМС жана электрондук почта аркылуу калыбына келтирүүгө болот;
 
Жеке идентификациялык номерди (ЖИН) жана телефон номерин киргизүү керек;
 
Текшерүү коду көрсөтүлгөн телефон номерине келет;
 
Текшерүү кодун киргизгенден кийин, паролду калыбына келтирүү шилтемеси электрондук почтага жөнөтүлөт;
 
Келген шилтемеден өтүп, жаңы паролду киргизип, ырастооңуз керек.
 
Куттуктайбыз! Сиз бирдиктүү идентификациялоо системасынын паролун ийгиликтүү калыбына келтирдиңиз.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: https://portal.tunduk.kg