Жаңылыктар

COVID-19га каршы эмдөө сертификатын онлайн түрүндө кантип алууга болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 132 кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алууга болот.
 
Аталган порталдагы эң популярдуу кызмат көрсөтүүлөрдүн бири COVID-19га каршы эмдөө сертификатын берүү болуп саналат.
 
Бул үчүн төмөнкүдөй ыкмага ылайык, каттоо жол-жобосунан өтүү зарыл:
Кызмат көрсөтүүнү тандоо керек;
"Өтүнмөнү тариздөө" баскычын басуу зарыл;
Система кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арыздын электрондук формасын түзөт;
"Жөнөтүү" баскычын басуу кажет;
Даяр сертификатты заматта аласыз.
 
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы берген электрондук форматтагы баардык документтер юридикалык күчкө ээ жана өз колу менен кол коюлган кагаз түрүндөгү документке теңештирилет.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: portal.tunduk.kg