Жаңылыктар

Жарандын катталган жери тууралуу маалымкатты онлайн кантип алса болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан жарандын катталган жери тууралуу маалымкатты онлайн режиминде алуу эң оңой!
 
Ал үчүн Мамлекеттик органдарга баруунун кажети жок!
 
Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
 
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирүү керек;
 
"Маалымкат, көчүрмөлөр" бөлүгүнөн "Жарандардын катталган жери жөнүндө маалымкат" кызматын тандайсыз;
 
Кызмат алуу үчүн өтүнмөнү тариздөө керек;
 
"Жөнөтүү" баскычын бассаңыз, сиз катталган жериңиз жөнүндө маалымкатты дароо ала аласыз!
 
Бул маалымкат акысыз!
 
Ошондой эле «Кызматтар жана сервистер» бөлүгүндөгү жеке кабинеттен сиз алган кызматтар жеткиликтүү.
 
Катталган жери тууралуу маалымкат жарандын катталган дареги боюнча маалымат берет!
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири маалымат ала аласыздар: portal.tunduk.kg