Жаңылыктар

"Түндүк" мамлекеттик мекемеси сот аткаруучулардын линиясы боюнча карыздары тууралуу маалымат алуу үчүн жаңы электрондук кызмат көрсөтүүнү ишке киргизди

Бүгүн, 27-июнда, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов "Түндүк" мамлекеттик мекемесине барып, сот аткаруучулардын линиясы боюнча карыздары тууралуу жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын башка инновациялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алуу үчүн жаңы электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча бетачарга катышты.
 
Талантбек Иманов сунушталган электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жашоо-турмушундагы документтер менен маалымкаттарды алуусу жөнөкөйлөштүрүлүп, жеңилдеп каларын белгиледи.
 
"Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жарандардын мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен жолугушуп, көзмө-көз өз ара байланышуусун азайтат. Маалымкаттарды автоматташтырылган түрдө алуунун натыйжасында жарандар жана ишкерлер үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар кыскарат. Келечекте биз Калкты тейлөө борборлору аркылуу кызмат алуудан четтеп, дүйнөнүн каалаган бурчунан үйдөн чыкпай туруп кызмат көрсөтүүлөрдү алабыз", - деп белгиледи санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов.
 
"Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чынгыз Аманатов бул кызмат көрсөтүүлөр менен тааныштырып, калкка мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү жаатында аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.
 
Анын айтымында, бул кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандарына сот аткаруучуларынын линиясы боюнча карыздарын онлайн режиминде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 
Сот аткаруучуларынын линиясы боюнча карыздарды текшерүү сервиси чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга жана жалпы эле укуктук мамилелерди териштиргендерге өз карыздарын алдын ала текшерүүгө мүмкүндүк берет.
 
Жаран Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу катталганда карызы жөнүндө кененирээк маалымат ала алат. Алар - карызкордун аты-жөнү, САКБнин (сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү) аталышы, аткаруу иши жайгашкан САКБнин дареги жана анын номери, сот аткаруучунун телефону жана ээлеген кызматы.
 
"Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын көпчүлүгү кадимки форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууну тандашат: мекемелерге баруу, көптөгөн документтерди кагаз түрүндө чогултуу. Ошентип, документтерди толтурууга, ар кандай органдарга жана ведомстволорго барууга бир топ убакыт коротулат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук түрдө алуу мындай машакаттардын баарын баарын жок кылат", - деп түшүндүрдү "Түндүк" ММ директору.
 
Ошондой эле ал Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын ишинин негизги максаты административдик тоскоолдуктарды азайтуу, кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана алардын мөөнөттөрүн кыскартуу, жарандарды тейлөө үчүн бирдиктүү стандарттарды киргизүү экенин белгиледи.
 
Чынгыз Аманатов мамлекет менен коомдун өз ара байланышы алардын укуктук өз ара ачык кызматташуусу үчүн шарттарды түзөрүн кошумчалады. Ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жакшырат.