Жаңылыктар

«Түндүк» мамлекеттик ишканасы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесин кабыл алды

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, келечекке пландар белгиленди.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» мамлекеттик ишканасы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси төмөнкүдөй багыттар боюнча 2022-жылга карата кызматташуу планына кол коюшту:

  • IT-аналитиктерди жана иштеп чыгуучуларды тартуунун жардамы менен электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын жакшыртуу;
  • PR-адисти тартуу жана маалыматтык видео роликтерди түзүү аркылуу санариптештирүүнү жайылтуу;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аларды автоматташтыруунун эсебинен төмөндөтүү ыкмалары жөнүндө изилдөө жүргүзүү үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү.

Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.

Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: portal.tunduk.kg

#tundukkg #portalkg #esrevice #digitalkg