Жаңылыктар

Юридикалык жактар маалымкаттарды жана документтерди онлайн кантип алууга болот?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жарандарга электрондук форматта кызмат көрсөтөт.
Порталдын кызматтарын жеке адамдар дагы, юридикалык жактар дагы пайдалана алышат.
 
Юридикалык жактар үчүн эң көп талап кылынган электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бири «Мамлекеттик салык кызматынын райондор боюнча башкармалыгынын субъекттердин карыздары жөнүндө маалымкат (салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздар)» болуп саналат.
 
Бул маалымкатты алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирүү (бул үчүн юридикалык жактар үчүн КТБдан булуттук электрондук кол тамганы алуу керек);
  • «Бизнес» бөлүгүндө «Мамлекеттик салык кызматынын райондор боюнча башкармалыгынын субъекттердин карыздары жөнүндө маалымкат (салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздар)» кызматын тандап алуу;
  • Кызматка арыз берүү.
Даяр болгон маалымкатты каалаган гаджетиңизге жүктөп алсаңыз болот.
 
Ошондой эле жеке кабинеттин «Кызматтар жана сервистер» бөлүмүндө мурда алынган бардык маалымкаттар жана документтер сакталат.
 
Портал тарабынан берилген электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: portal.tunduk.kg