Жаңылыктар

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын көчүрмөсүн онлайн кантип алууга болот?

«Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын көчүрмөсү» боюнча кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан алууга болот.
 
Бул кызматтын жардамы менен аталган көчүрмөнү кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен ала аласыз.
 
Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө Кыймылсыз мүлк бирдигине болгон укук мамлекеттик каттоодо бар экендигин тастыктаган документ болуп саналат жана электрондук арыз берүү боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу катталган жарандарга берилет.
 
Бул кызмат заматта алынуучу жана акы төлөнүүчү кызмат болуп саналат. Кызмат көрсөтүүнүн акысы: 170.24 сом.
 
Көчүрмөнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына киресиз (ал үчүн Калкты тейлөө борборунан (КТБ) булуттук электрондук кол тамга алуу кажет);
  • "Кыймылсыз мүлк" бөлүгүнөн "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын көчүрмөсү" кызматын тандайсыз;
  • Кыймылсыз мүлк бирдигинин кодун (КМБ кодун) киргизесиз;
  • Кызмат алуу үчүн арыз бересиз;
  • Кызмат алууга акы төлөйсүз (170.24 сом).
 
Кызмат алуу акысын төлөө үчүн бардык керектүү реквизиттерди толтурасыз (банк картасындагы маалымат).
 
Ошентип көчүрмө даяр! Даяр болгон көчүрмөнү басып чыгарып алсаңыз болот же жүктөп алсаңыз болот.
 
Портал тарабынан берилген электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://portal.tunduk.kg