Жаңылыктар

Үйдөн чыкпай эле нике туралуу маалыматты кантип алууга болот?

Нике туралуу маалымат алуу кызматы Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жеткиликтүү.
 
Бул кызматтын жардамы менен катталган нике актысы жөнүндө маалымат алууга болот.
 
Бул үчүн сизге төмөнкүлөр зарыл:
 
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирүү (бул үчүн Калкты тейлөө борборунан булуттук электрондук кол тамга алуу керек);
  • «Үй-бүлө» бөлүгүндө «Нике туурасында маалымат» кызматын тандап алуу керек;
  • Кызматка арыз берүү.
 
Аталган кызмат заматта даяр болуучу кызмат болгондуктан бир нече секунданын ичинде даяр маалымат гаджетиңизде көрсөтүлөт.
 
Портал тарабынан берилген электрондук форматтагы бардык документтер кагаз жүзүндөгү документ же маалымкат сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: portal.tunduk.kg