Жаңылыктар

Бирдиктүү идентификациялоо системасы эмне үчүн керек?

Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) — бул жарандын мамлекеттик органдардын көптөгөн порталдарына болгон бирдиктүү универсалдуу санарип ачкычы.
 
БИСтин артыкчылыктары:
 
  • Жарандарга бир эле катталуу менен ар кандай мамлекеттик порталдарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет!
  • Мамлекеттик кызматтарды алуу, отчетторду тапшыруу, патенттерди алуу ж. б. көптөгөн кызматтарды алуу үчүн логиндерди жана сыр сөздөрдү сактоонун кажети жок.
  • БИС аркылуу жасалган бардык аракеттер юридикалык күчкө ээ болот.
 
Бирдиктүү идентификациялоо системасына кирүү үчүн булуттук электрондук кол тамганы алуу керек (Калкты тейлөө борборлорунда АКЫСЫЗ берилет).
 
Ошондой эле колдонуучулардын жеке кабинеттеринде төмөнкүдөй жеңил мүмкүнчүлүктөр жаралат:
  • телефон номерин, электрондук почтанын дарегин өзгөртүү;
  • Telegram мессенджерин байлоо;
  • сыр сөздү өзгөртүү;
  • "Түндүк" мобилдик тиркемесин байлоо.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: portal.tunduk.kg