Жаңылыктар

Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу мамлекеттик порталга кантип кирүүгө болот?

Сизге онлайн форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү керекпи?
 
Буга чейин булуттук электрондук кол тамгасын алып, бирок андан ары эмне кылышты билбей жатасызбы?
 
Баары жөпжөнөкөй!
 
Ал үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
 
  • portal.tunduk.kg сайтына киресиз;
  • Сайттын башкы бетиндеги "Кирүү" баскычын бассаңыз, ал Бирдиктүү идентификациялоо системасына (БИС) жолдойт;
  • Калкты тейлөө борборунан (КТБ) берилген идентификациялык жеке номерди (ИЖН) жана 10 орундуу сырсөздү киргизесиз. (Идентификациялык жеке номер (ИЖН) паспортто көрсөтүлгөн 14 белгиден турат. Сырсөз сиз булуттук электрондук кол тамгасын алууда көрсөткөн электрондук почтаңызга келет);
  • Булуттук электрондук кол тамгасын тандайсыз;
  • Көрсөтүлгөн электрондук почтаңызга бир жолку 6 орундуу текшерүү кодун автоматтык түрдө аласыз;
  • Ал кодду киргизесиз;
  • Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук бересиз.
 
Болгону ушул - жөпжөнөкөй!
 
Сиз Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына ийгиликтүү кирген болосуз.