Жаңылыктар

Бирдиктүү идентификациялоо системасынын сырсөзүн унутуп калдыңызбы?

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кире албай жатасызбы?
 
Бирдиктүү идентификациялоо системасынын сырсөзүн унутуп калдыңызбы?
 
Төмөнкү кадамдарды жасасаңыз, паролду жаңысына оңой өзгөртө аласыз:
 
  • portal.tunduk.kg сайтына кирүү;
  • жогорку оң бурчунда "Кирүү" баскычын басып, Бирдиктүү идентификациялоо системасынын баракчасына жолдойт;
  • Идентификациялык жеке номерди киргизүү (ИЖН паспортто көрсөтүлгөн 14 белгиден турат);
  • «Сырсөздү унуттуңузбу?» баскычын басып, андан кийин « Сырсөздү СМС жана электрондук почта аркылуу калыбына келтирүү" баскычын басасыз;
  • Кайрадан Идентификациялык жеке номерди киргизүү керек;
  • Туташтырылган телефон номерин киргизип, «Текшерүү кодун жөнөтүү» баскычын басасыз;
  • Көрсөтүлгөн телефон номерине текшерүү коду келет, аны киргизип, ырастайсыз;
  • Андан соң жаңы сырсөздү түзүү үчүн шилтеме электрондук почтаңызга жөнөтүлөт.
 
Электрондук почтадан жаңы сырсөздү киргизип, мамлекеттик кызмат алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына же болбосо salyk.kg салык кызматына отчет берүү үчүн кире берсеңиз болот.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: portal.tunduk.kg