Жаңылыктар

Бирдиктүү идентификациялоо системасындагы электрондук почта дарегин жана телефон номерди кантип өзгөртүүгө/байлоого болот?

Бирдиктүү идентификациялоо системасы жарандарга бир эле катталуу менен ар кандай мамлекеттик порталдарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет!
 
Эгерде жаран Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында катталган болсо, анда анын профилдеги жеке маалыматтары жарактуу.

Бирок кээде электрондук почтаны өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгат. Андыктан түзөтүүлөрдү оңой жана тез киргизүү үчүн көрсөтмөлөр менен таанышып чыгыңыз.

Порталдын ар бир колдонуучусу "Жеке кабинетиндеги" "Электрондук почтанын дареги" бөлүгүндөгү маалыматтарын өзгөртө алат.

Ал үчүн:
  • portal.tunduk.kg же esia.tunduk.kg сайтына киресиз;
  • "Жеке кабинетке" өтөсүз;
  • Андагы "Электрондук почтанын дареги" бөлүгүн тандайсыз;
  • Жаңы emailди киргизесиз;
  • Жаңы emailден тастыкташ керек.
 
Өзгөрткөн маалыматтарыңызды "Жеке кабинеттин" жогору жагынан көрүүгө болот.
 
Ушундай эле алгоритм менен “Жеке кабинеттеги” телефон номерди да өзгөртүүгө болот.
 
Мамлекет жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен кам көрөт.
 
Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: portal.tunduk.kg