Жаңылыктар

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору ишке киргизилди

7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүү аземи болуп өттү. 
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров долбоордун ишке киргизүү аземине катышты.
Президент өз сөзүндө белгилегендей, санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат.
Калкты санариптик көндүмдөргө үйрөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова Баткен облусунун Кулунду айылында онлайн форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү калкка ар кандай маалымкаттарды жана документтерди үйдөн чыкпай эле тез арада алуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Маалыматка ылайык, түзүлүп жаткан борборлордо санариптик билим берүү программаларын эки деңгээлде өткөрүү пландалууда:
– Жарандардын электрондук сервистерди колдонуусун кеңейтүү, заманбап электрондук технологияларга болгон ишенимин жогорулатуу үчүн жарандардын жөнөкөй санариптик билим деңгээлин өстүрүү; 
– Өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүдө жаштарды IT-кесибине тартыш үчүн санариптик билим берүү программаларын ишке ашыруу.
 #tundukkg #tunduk #portalkg