Жаңылыктар

Эми электрондук кол тамганы (ЭКТ) жаңыртуу үчүн Калкты тейлөө борборуна баруунун кереги жок

Эми электрондук кол тамганы (ЭКТ) жаңыртуу үчүн Калкты тейлөө борборуна баруунун кереги жок.

Жаңыртуу качан жана кимге мүмкүн:
❗️электрондук кол тамганын мөөнөтү бүтөөрүнө 30 күн калганда гана;
❗️Жеке адамдарга.

ЭКТнын жарактуулук мөөнөтүн кантип узартса болот:
https://esia.tunduk.kg шилтемеси менен өтүңүз;
✅ "Жеке номер (паспортто көрсөтүлгөн жана 14 сандан турат)" жана "Сыр сөз" киргизүү менен кириңиз;
✅ система эскертмелердин жардамы менен ЭКТны кантип туура узартуу керектигин көрсөтүп берет.

ЭКТ мөөнөтү бүтөөрүнө 30 күн калганда, буга чейин катталган электрондук почтаңызга тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. Ошондой эле, сиз ЭКТ мөөнөтү бүтөөрүнө 7 күн калганда 
электрондук почта аркылуу экинчи эскертмени аласыз.

Мамлекет ыңгайлуу шарттарды түзүү менен, жарандарга кам көрөт.

Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу тапса болот