Жаңылыктар

"Түндүк" тутуму: Мамфинкөзөмөл кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмге тиешеси бар уюмдар жөнүндө маалымат берет

Бишкек, 05.10.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрүн тездетүү үчүн, "Түндүк" ведомство аралык өз-ара аракеттенүү алкагында маалымат алмашуу тутумун автоматташтырууну сунуштады. "Түндүк" тутуму: жетишкендиктер жана перспективалар "аттуу конференцияда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев кабарлады.

"Финансылык чалгындоо кызматы жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү жана курьердик жеткирүү аркылуу жооп алуу жолу менен маалымат алат.

Бул жагдайлар биздин иштин оперативдүүлүгүнө, купуялуулугуна жана натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Анткени мамлекеттик органдардан маалымат алуу жана иштеп чыгуу үчүн көп убакыт коротулуп жатат. Чет мамлекеттердин Финансылык чалгындоо кызматы башка мамлекеттик органдарда маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биздин кызмат бир айдын ичинде көп суроо-талаптардын  жиберет, жооп 15-20 күндөн кийин келет.  Айына 500 суроо-талаптарды жөнөтөт ", - деп нараазы болду ал.

Анарбаев белгилегендей, ведомствонун натыйжалуу иши үчүн "Түндүк"автоматташтырылган тутумуна өтүү зарыл.

"Түндүк" тутумуна кошулуу мамлекеттик органдардан да, финансылык мекемелерден да суроо-талаптар боюнча ыкчам маалымат алууга жардам берет. Өз кезегинде биздин ведомство эки база түзөт: террористтик жана экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын түзүмдүк тизмеси. Экинчи, мекемелердин жана кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга тийиштүү жактардын тизмеси", - деди ал жана эл аралык өз-ара аракеттешүү алкагында автоматташтырылган системага өтүү талап кылынууда.