Жаңылыктар

"Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" МИси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында берилүүчү жана талап кылынган маалымкаттарды инвентаризациялоо - изилдөөнү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы  “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору“ мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарда көрсөтүлгөн жана талап кылынган маалымкаттарды изилдөө – инвентаризациясын өткөрдү. Алынган маалыматтардын негизинде “Тундук” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында автоматташтыруунун мындан аркы артыкчылыктуу багыттары аныкталат.

Изилдөөнүн жүрүшүндө жүрүшүндө 27 мамлекеттик орган берилүүчү жана суралган маалымкаттар, ошондой эле маалымкат алуу үчүн талап кылынган документтер тууралуу маалыматтарды берди.

Изилдөөнүн натыйжасында, алдын-ала аныкталды:

- жарандарга 126 маалымкат 27мамлекеттик орган тарабынан берилет;

- жарандардан 23 мамлекеттик орган тарабынан 168 маалымкат суралган;

- 126 маалымкат алуу үчүн жарандарга 286 жолу 96 кошумча документ берүү зарыл.

"Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" изилдөөлөрүнүн натыйжасында электрондук форматка которула турган жана жарандын керектелишин жокко чыгара турган маалымкаттардын тизмеси аныкталды.

Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалымат базаларын иштеп чыгуу боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууда 2019-жылдын аягында мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү 25 жана 59 суралган маалымкаттарды автоматташтырууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

"Түндүк" системасын андан ары киргизүү мамлекеттик органдар тарабынан маалымкаттарды берүүнү жана суроо-талапты толук автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

Ушул максатта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык мамлекеттик органдарга жана “Электрондук өз ара аракеттенүү борборуна” мамлекеттик органдар тарабынан суралган жана берилген справкаларды жана документтерди кошумча деталдуу изилдөө жүргүзүүнү, ошондой эле маалымкаттарга суроо-талапты алып салуу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.