Жаңылыктар

"Түндүк" ВЭӨТтүн ишмердүүлүгү боюнча презентация болуп өттү

"Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" МИнин кеңсесинде
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрликтин министринин орун басары Темирбекова Айнура Кубанычбековна жана министрликтин бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусу менен,  "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун иш-аракетинин презентациясы болуп өттү.
Жолугушууда "Түндүк" тутумун киргизүү максаты болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана ишканалар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта берүүдө, электрондук өз ара аракеттенишүүнү камсыздоо суроолору таалкуланды.