Жаңылыктар

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик укук» мамлекеттик органдарынын юристтери үчүн окуутуу семинарларынын өтүшү.

2020-жылдын 12 мартында "Түндүк" мамлекеттик ишканасында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик укук" мамлекеттик органдарынын юристтери үчүн окуу семинарынын биринчи күнү болуп өттү.

Курстун алкагында жеке мүнөздөгү маалыматты укуктук негизинде үчүнчү жактарга берүү, (SLA) сервисинин деңгээли тууралуу "Түндүк" ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында маалымат алмашуу боюнча келишимдерди даярдоо, программалык камсыздоону иштеп чыгуу келишиминдеги көйгөйлүү маселелери жана маалыматтык укуктун башка аспектилери каралат.

Биринчи сабакта электрондук башкаруу мыйзамдарынын түзүлүшунө, базалык маалыматтык ресурстардын реестрине, "Түндүк" тутумун жөнгө салуучу негизги мыйзам алдындагы актыларына, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына, биргелешкен аныктоо системасына жана электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасына басым жасалган.

 "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын юристтери лекторлор катары чыгышты.

Семинарга 16 мамлекеттик органдын кызматкерлери катышты. Семинардын катышуучулары талкууларга активдүү катышып, электрондук башкаруунун укуктук аспекттери боюнча, маалыматтык системалардын түрлөрү боюнча, ошондой эле "Түндүк" тутумунун алкагында маалыматтарды алмашуу боюнча бүгүнкү күндүн актуалдуу суроолоруна жооп алышты"

Бул окутууларда Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу элементтерин киргизүүдө санариптештирүү маселелеринде мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин компетенцияларын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Окутуулар 6 жума бою ар бир бейшемби күнү өткөрүлөт.