Жаңылыктар

Пресс-релиз: Ош шаарында "Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" биринчи телебайланыш форуму өткөрүлдү, анда Президент С. Ш. Жээнбеков "Түндүк" тутумунун маанилүүлүгүн белгиледи

Пресс-релиз: Ош шаарында "Санариптик Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү" биринчи телебайланыш форуму өткөрүлдү, анда Президент С. Ш. Жээнбеков "Түндүк" тутумунун маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарында өтүп жаткан «Санариптик Кыргызстан: Аймактарды өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумуна катышты

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти келтирилген:

Сиздерге белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңеши "2019-2023 Санариптик Кыргызстан"санариптик трансформациясынын концепциясын бекитти. Аны ишке ашыруу боюнча "Жол картасы" иштелип чыккан.

"Жол картасына" ылайык, 2019-жылдын акырына чейин төмөнкү милдеттер кемчиликсиз аткарылышы керек:

"Түндүк" тутуму аркылуу керексиз жол-жоболорду жана маалымкаттарды жоюуну талап кылам.

Натыйжада, кошумча маалымкаттардв жана документтерди талап кылуу практикасы токтойт.

Мамлекеттик органдар жана жеке сектор электрондук форматта документтер менен алмашат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-түзүмдөрү "Түндүк" тутуму аркылуу гана иш алып барышат. Анан жумуш кагаз документтерди колдонууну токтотуп калат.

Социалдык кызматтарды алууда — балдарга сүйүнчү, жөлөкпулдарды алууда же пенсияга чыгууда бюрократиялык тосколдуктардан арылуу зарыл. Буга керексиз маалымкаттарды жана документтерди жоюу аркылуу жетсе болот.

Бардык электрондук форматта "Түндүк" тутуму аркылуу өткөрүлүшү үчүн бардык шарттарды түзүү керек“

Мамлекеттик органдарды "Түндүк" тутумуна кошуу жана өз ара маалымат алмашууну камсыздоо маселеси менин жеке көзөмөлүндө экендигин эскертип кетким келет.

Ошондуктан, 189 мамкызматты электрондук форматка өткөрүү процессин бүтүрүп, жана бирдиктүү интернет порталды толук кандуу ишке киргизүү зарыл.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул иш 2016-жылы башталгандыгына карабастан, ал дагы деле аягына чыга элек. Бул иш Мен премьер-министр болуп турган кезинде эле башталган. Биз айкын жылдырууну күтүп жатабыз.

"Түндүк" тутуму товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук контролдоону жүргүзүүгө жана электрондук документ жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

"Түндүк" системасын толук кандуу ишке киргизүү үчүн системага кошулган мамлекеттик органдардагы жумуш процесстерин автоматташтырууну тездетүү зарыл.

Улуттук банк менен биргеликте коммерциялык банктар жана башка жеке жактар "Түндүк"тутумуна кошулууга бардык шарттар түзүлөт.

Улуттук банкка буга чейин аймактарды электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг кызматтары менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген, биз конкреттүү жыйынтыктарды күтүүдөбүз.

Биздин алдыбызда "Түндүк" тутумуна "Санариптик аймак" платформасын интеграциялоо боюнча милдет турат.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" МИнин басма сөз кызматы

Сурап-билүү телефону: 610139

Дарек: office@tunduk.gov.kg