Жаңылыктар

IT-адистер үчүн үчүнчү окутуу тренинги өткөрүлдү

 2019-жылдын 23-апрелден 25-апрелге  чейин Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы тарабынан  "Түндүк"  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму үчүн адаптерлерди иштеп чыгуу" мамлекеттик органдардын IT-адистерине үчүнчү окутуучу тренинги жүргүзүлдү.
Үч күндүк тренингтин максаты 22 мамлекеттик органдын мамлекеттик башкаруу тутумунда автоматташтырууну натыйжалуу ишке киргизүү үчүн бул адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
Тренингдин катышуучулары: SOAP протоколунун негиздерин, "Түндүк" тутумунун билдирүүсүнүн түзүмүн, ошондой эле .NET жана Java платформаларынын адаптерлерин иштеп чыгууну изилдешти.
Өткөрүлгөн тренинг катышуучулар тарабынан материалдын сапаты жана мазмуну боюнча жогору баа берилген.