Жаңылыктар

МКК, Башкы прокуратура жана ИИМ "Түндүк" тутуму боюнча маалымат алмашууда лидерлик кылууда

КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев "Түндүк" автоматташтырылган системасында документтерди алмашуу боюнча кайсы мамлекеттик органдар алдыда экендигин билдирди. Мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн семинардын жүрүшүндө ал документтер менен мамлекеттик каттоо кызматы (МКК), Башкы прокуратура жана ички иштер министрлиги алмашаарын белгиледи.

Догоев белгилегендей, семинардын алкагында жетекчилерге санариптештирүү деген эмне, мамлекеттик органдардын ролу жана алардын жоопкерчилиги туурасында айтып беришет.
Мамлекеттик комитеттин башчысы эскерткендей, техникалык жактан "Түндүк" тутумуна 62 мамлекеттик орган кошулган, алардын ичинен 24 документ жүгүртүү боюнча иш жүргүзөт.

"Түндүк" тутумуна техникалык жактан кошулгандардын арасында документтери менен алмашпаган мамлекеттик органдар да бар. Бул органдарынын автоматтык системасы жана электрондук маалымат базасы жок экендигине байланыштуу.  Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт 309 млн.сом бөлдү. Алар автоматташтыруу жана электрондук маалымат базасын түзүү үчүн сарпталат. Жалпысынан калк үчүн 189 мамлекеттик кызмат электрондук форматта көрсөтүлөт", - деди ал. Андан тышкары Дастан Догоев маалымдагандай, мамлекеттик органдардын санариптештирүү маселелеринде эки негизги учур бар: башкаруу жана тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. "Мындан тышкары, техникалык адистердин жоопкерчилиги. Атап айтканда, документтерди санарипке өткөрүү жана аларды системага туташтыруу, коопсуздук маселесин чечет. Ушуну менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандар үчүн окутуу. Бул багытта иштерди аткаруу зарыл", — деп кошумчалады ал.