Жаңылыктар

Ишкерлер үчүн милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча электрондук отчеттуулуктун бирдиктүү системасын киргизүү

Ишкерлердин ар түрдүү мамлекеттик органдарга бирдей отчет берүүсү максатында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы  «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы (мындан кийин – «Түндүк» мамлекеттик ишканасы) тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын, Социалдык фондунун, Улуттук статистика комитетинин жана Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) катышуусу менен азыркы убакта координациялык иш жүргүзүлүүдө.

 15-августта "Түндүк" мамлекеттик ишканасында кезектеги жыйыны болуп өттү, анда ишкерлер үчүн милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча электрондук отчеттуулуктун бирдиктүү системасын киргизүү маселеси каралган.

Кеңешменин жүрүшүндө "Түндүк" МИнин эксперттери тарабынан ишкерлерге  электрондук жана кагаз түрүндө отчет берүү үчүн отчет формаларын бириктирүү жана жөнөкөйлөтүү сунуш кылынган.

Ишкерлер отчетторду бир мамлекеттик органга тапшыргыдай түрдө бирдиктүү отчет системасын түзүү керек (Мамлекеттик салык кызматына), ал эми башка ведомстволор (Улуттук статистика комитети, Социалдык фонду) "Түндүк"ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалымат алмашуунун натыйжасында алар зарыл болгон маалыматты алып турушат.

Мындай чаралар ишкерлердин ар кайсы ведомстволорго тутумдуу ай сайын берилүүчү отчетторду берүү боюнча ишин жеңилдетүүгө багытталган.