Жаңылыктар

2018-жылдын 1 чейрегинде "Түндүк" ВЭӨТ жаңы версиясына которулду

Tazabek - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин   2018-жылдын I кварталынан баштап "Түндүк"  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму жаңы версиясына которулган, анын алкагында Интернеттин ачык байланыш каналдары аркылуу маалымат алмашуу каралган.

Учурда 10 мамлекеттик органды кошуу боюнча техникалык иштер жүрүүдө, ошондой эле ВЭӨТкө жакшыраак туташуу механизми үчүн мамлекеттик органдар үчүн маалымдама материал иштелип чыккан.

Учурда маалымат базаларын интеграциялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор туруктуу негизде иштөөдө:

- МБК менен КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин ортосундагы бажы жана салмак габарит көзөмөл, коррупциялык схемалардын алынып салынышына, үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын  импортунун контролдонушуна жана  ЕАЭБдан товарлардын алып келүүдө, контрабанданы жок кылууда, бюджеттик жана салыктык төлөмдөрдү көбөйтүүдө алып келет. Бизнести көмүскөдөн чыгаруу, бир нече токтотууларга болгон муктаждыкты кыскартуу жана Кыргызстан аркылуу өтүүчү транзиттин жагымдуулугун жогорулатуу менен ишкерлердин түйшүгүн азайтуу. 

- КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ортосунда, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан жана КР Социалдык фондунан карыздар жок экендиги тууралуу маалымкаттарды алып салуу боюнча.