Жаңылыктар

"Мамлекеттик органдардын бизнес-процесстерин санариптештирүү жана реинжиниринг" темасындагы тренингдер

2019-жылдын октябрь айында "Түндүк" мамлекеттик ишканасы "мамлекеттик органдардын бизнес-процесстерин санариптештирүү жана реинжиниринг" темасында мамлекеттик кызматкерлер үчүн тренингдердин серияларын уюштурду.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында өттү.

Окутуучу тренингдер мамлекеттик кызматкерлердин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында практикалык билимдерин түзүүгө багытталган.

Бардык мамлекеттик органдарда активдүү "Түндүк" тутуму киргизилүүдө  – бул бийлик органдарына жана юридикалык жактарга автоматтык режимде маалыматтар алмашууга мүмкүнчүлүк берүүчү, мамлекеттик функцияларды аткарууда жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды  жарандарга жана уюмдарга электрондук форматта көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтык тутуму.

"Түндүк" тутумун техникалык киргизүү гана эмес, мамлекеттик органдардагы ички процедуралардын түп тамырынан бери өзгөртүлүшүн да түшүндүрөт.

Мамлекеттик кызматкерлер бизнес-процесстердин реинжиниринг боюнча билимин колдонуу менен ички процесстерди өзгөртүү жана жарандарга кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен бүтүндөй мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыра алышат.

Лекторлор катары тренингдерге санариптештирүү тармагындагы чакырылган эксперттер катышышты.