Жаңылыктар

Мамлекеттик органдардын юристтери санариптик укук жөнүндө онлайн-окутууну өтүштү

Пандемиядан улам түзүлгөн кырдаалга карабастан "Түндүк" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик укук" темасында мамлекеттик органдардын юристтери үчүн окутуу семинарларын уюштурду. Онлайн жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган презентациялар 24-29-апрелде жана 6-8-майда болуп өттү. Лекторлор катары "Түндүктүн" юристи Рахат Жусумамбетова жана Клим Омельченко болушту.

24-апрелде катышуучулар мыйзамдарда каралган электрондук кол тамгаларга жана электрондук кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү санариптик механизмдер жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө айрым бизнес-процесстерди автоматташтыруу процесстерин татаалдатуучу ченемдик-укуктук актылардагы жана жергиликтүү актылардагы көйгөйлөр жөнүндө маалымат алышты.

27-апрелде жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сереп жүргүзүлгөн.

Катышуучулар жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ролун, жеке маалыматтар массивин кармоочулар үчүн мыйзамдардын талаптарын жана жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын талкуулашты.

9 апрель лекторлор жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы эл аралык тажрыйба жөнүндө айтып беришти, атап айтканда, Европалык Союздун маалыматтарды коргоо боюнча Жалпы регламентин (англ. General Data Protection Regulation, же GDPR) тууралуу. Бул регламент, баардыгын камтыган жалгыз акт болуп эсептелинет, анткени бардык жараяндарды баяндайт жана маалымат массивдерин кармоочулары тарабынан аткарылат, ошондуктан иш жүзүндө КМШнын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы бардык нормативдик актыларында негиз катары алынаары белгиленди.

6 жана 8-майда "Түндүк"тутумунда маалымат алмашуу боюнча сервис деңгээли (SLA)) жөнүндө келишимдерди даярдоого арналган. Катышуучулар жана тренерлер программалык камсыздоону иштеп чыгууга келишим түзүүдө мамлекеттик органдарда мүмкүн болгон көйгөйлүү маселелерди териштиришти.

Семинарга 16 мамлекеттик органдын кызматкерлери катышты. Кимдер толугу менен окуудан өткөн болсо, окуу аяктагандан кийин расмий күбөлүктөргө ээ болушту. Бул тренинг Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу жана жеке маалыматтарды коргоо элементтерин киргизүүдө санариптештирүү маселелеринде мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин компетенциясын жакшыртууга мүмкүндүк түзөт.