Жаңылыктар

Санариптик трансформация маселеси жеке көзөмөлдө турат жана аны ишке ашыруу талабы катуу болот, - президенти С. Жээнбеков

Tazabek - Санариптик трансформация маселелери жеке көзөмөл алдында турат жана аны ишке ашырууга суроо-талап катуу болот. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформация боюнча жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана мамлекеттик башкарууда инновациялык ыкмаларды колдонуу маселелери талкууланды.

"Электрондук башкарууга өтүү — бул талыкпас күрөш жана оор процесс, коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги компоненттеринин бири. Ошондой эле бул мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын адам тарабына, анын баалуулуктарына жана потенциалына бурууга мүмкүндүк берүүчү курал. Санариптик форматка өткөрүү боюнча иштердин так графиги кабыл алынышы жана анын аткарылышы боюнча контролдоо коюлушу керек. Ар бир мамлекеттик органга электрондук башкарууну ишке киргизүү боюнча баа берилет", - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Коопсуз жол" долбоорун жана "Түндүк" тутумун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө электрондук башкарууга "Түндүк" тутумунун негизинде 14 мамлекеттик орган кошулган, 5 мамлекеттик орган өз-ара маалыматтарды алмашат. Бул системанын негизинде 2018-2019-жылдарга карата 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү аныкталган, алардын ичинен 22си электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө даяр. 2018-жылдын аягына чейин дагы 23 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта жүргүзүү пландаштырылууда. 68 мамлекеттик органда байланыштын оптика-була линиялары жүргүзүлгөн. Маалымат күркөлөрү аркылуу бүгүнкү күндө бардыгы 218 миң кызмат көрсөтүлдү. 174 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жалпы 10 млн 577 миң 900 сомго.

Кубатбек Боронов белгилегендей, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга тийиштүү болгон, аны сервистик модель аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда. Биринчи компоненти болуп  "Коопсуз жол" долбоорун киргизүү саналат.

Экономика министри Олег Панкратов жана Салык кызматынын төрагасы Тенизбек Абжапаров, санариптик трансформациянын алкагында товарлардын байкалуучу (маркировкалоо) тутумун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө да билдирди.

Президент бул долбоорлорду ишке ашырууда тең салмактуу башкаруу чечимин кабыл алуу жана ишке ашыруунун жүрүшүнө катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ал өлкөдөгү санариптик трансформация маселесин алдыга жылдыруу үчүн эрте жана сезилген натыйжалар керек экендигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, мамлекет башчы кыргызстандыктар 2012-жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоорунун иштей башташын күтүп жаткандыгын эске салып, өкмөткө долбоорлордун ачык-айкын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү сунуштады.

С.Жээнбеков Дастан Догоевге санариптик трансформация программасы боюнча мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун жалпы түшүнүгүн калыптандыруу максатында, санариптик Кыргызстандын архитектурасы боюнча көрүнүштү даярдоону тапшырды.

Берилген көз караштын негизинде өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо иштелип чыгат. Ошол эле учурда, санариптик мамлекетке өтүүнү тездетүү жана ийгиликтүү өткөрүү үчүн калктын, мамлекеттик органдардын квалификациясын өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушууда өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, экономика министри Олег Панкратов, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, президенттин алдындагы санариптик трансформация боюнча эксперттик кеңештин башчысы, президенттин ыктыярдуу кеңешчиси Дастан Догоев, Салык кызматынын төрагасы Санариптик трансформация тапшырмасынын жүрүшү жөнүндө маалымат берген Тенизбек Абжапаров жана «Электрондук өз ара аракеттенүү борборунун» мүдүрү Нурия Кутнаева катышты.

Булак: www.tazabek.kg/news:1455987?f=cp