Жаңылыктар

2018-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин арасында "Түндүк"ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун киргизүү жөнүндө кеңешме өткөрүлгөн.

2018-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин М. Д. Абылгазиевдин жыйналышы болуп оттү, анда "Түндүк".ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун киргизүү презентацияланган.
«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын мүдүрү Нурия Кутнаева белгилегендей, "Түндүк" тутуму  мамлекеттин жана коомдун ортосундагы өз ара кызматташуусун жакшыртууга, чыгымдарды кыскартууга жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Премьер - министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей,  "Түндүк" тутуму - бул электрондук өкмөттүн негизи.
"Электрондук өз ара аракеттенүү тутуму - мамлекеттин иштөөсүн жана жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун маанилүү баскычы болуп саналат. Бул санариптик экономикага өтүү дегенди билдирет. Ар бир мамлекеттик органдын милдети — "Түндүк" тутумун ишке ашыруу процессине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, - деп жыйынтыктады Өкмөт башчысы.