Жаңылыктар

"Жарандык 2.0". Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга паспорт алуу тезирээк болот.

"Жарандык 2.0". Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга паспорт алуу тезирээк болот.
"Санариптик Кыргызстан - 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында "Жарандык 2.0" автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АМТ) ишке киргизүүнүн экинчи этабы иштелип чыкты.
Анын жардамы менен чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар 15-20 күндүн ичинде чет өлкөлүк паспортту алууга мүмкүнчүлүк берет. Эски системада кагаз түрүндө ушундай жол-жобосу үч айдан бир нече айга чейин убакытты талап кылган.
Бул система Кыргызстандын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин курамдык бөлүгү болуп саналат жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Жарандыктан чыгуу жана ага кабыл алуу боюнча маалыматтар кызыкдар мамлекеттик органдарга "Түндүк" ВЭӨТ аркылуу берилет.
Кененирээк: https://tunduk.gov.kg/ru/posts/62-grazhdanstvo-20-kyrgyzstantsy-za-rubezhom-smogut-poluchat-pasporta-eshche-bystree