Жаңылыктар

Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасында катталуу үчүн абдан жакшы түшүндүрмө.

Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо  системасында катталуу үчүн абдан жакшы түшүндүрмө.

"Достор!
Биз баарыбыз сиздер менен коомдук мамилелердин санариптик форматына өтүп жаткандыктан, азыркы кезде ар бир жаран санариптик көндүмдөрдү алуу үчүн билимге жана аспаптарга ээ болушубуз керек.
Ошого байланыштуу, ар бириңизден сурап көшөрүп
КТБларда акысыз булуттук электрондук кол тамганы алып (карта-ридерлери жок жарандар үчүн), бирдиктүү идентификациянын системасына катталууңуздарды суранам. Булуттук электрондук кол тамганы жарандарга гана эмес, бирдиктүү идентификациянын системасында каттай ала турган юридикалык жактарга да берилет.
Аракеттердин алгоритми төмөнкүдөй:

1. Паспорт менен Калкты тейлөө борборуна барасыз, алар сизге булуттук электрондук кол тамганын кодун беришет;
2. Интернетте  esia.tunduk.kg же болбосо portal.tunduk.kg ачасыз;
3. "Булуттук ЭК"  ыкмасы аркылуу кирүүнү тандайсыз;
4. ИЖНди  жана алынган кодду киргизесиз;
5. Баракелде! Сиз идентификацияландыңыз. Андан ары portal.tunduk.kg киресиз жана кызмат көрсөтүүлөрдү ала аласыз.

Булуттук электрондук кол тамга электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жардам берет.
Мен келечекте өз жашоомду жеңилдетүүгө, жана кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн чыкпай туруп эле дүйнөнүн каалаган жеринде алууга керек болуучу булуттук электрондук кол тамганы акысыз алуу мүмкүнчүлүгүн колдонушубуз керек деп ойлойм.
Буга чейин электрондук кол тамга акы төлөнүп берилгендигине көңүлүнүздөрдү бурам.