Жаңылыктар

Жээнбеков: Ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашкандар жоопкерчиликке тартылат

Бишкек (АКИpress) – «Ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашкандыгы далилденсе, эртеби, кечпи, эң катуу жоопкерчиликке тартылат. Элдин талабы мына ушундай», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы элге кызмат көрсөткөн, эл тагдырына таасир эткен мамлекеттик органдарды коррупционерлерден жана коррупциялык схемалардан тазалоо — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эң маанилүү шарты экенин баса белгилеп, чиновниктерди коррупциядан тазаланууну өздөрүнөн баштоого чакырды.

«Ушул залда адамдардын тагдырына таасир этчүлөр отурасыңар. Мамлекеттин тагдырына таасир этип, аны талкалоочулар, же гүлдөтчүлөр да силерсиңер. Ошондуктан, ушул жерде отургандар, кол алдыңарда иштеген кызматкерлериңерге талапты катуу коюп, ар кандай схемаларга аралашпасаңар — өзүңөр таза болосуңар. Мына ошондо жүзүңөр жарык болот, талапты да кое аласыңар. Күрөш дагы натыйжасын берет», — деп белгиледи Президент.

«Бул негизги шарт. Анан, албетте, санариптештирүү. Эмнеге мен 2 жылдан бери муну айтып жатам? Адам менен адам байланыш болгон жерде мамиле түзүлөт, коррупциянын ар кандай түрү болот, ар кандай масштабда. Санариптештирүү адам факторун жокко чыгарат. Ошол үчүн бир жылга жакын убакыт баарыңар каршылык көрсөттүңөр да. Дээрлик бардык мамлекеттик органдар каршылык көрсөттү. Баары эле бир тегиз „Түндүккө“ кошулуп кеткен жок, артынан кубалап жүрүп, өзүм жеке көзөмөлгө алып жүрүп, киргиздик. Бажы менен салык тармагы да ур-токмок менен санариптешти. Бул да факт», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызмат баюу үчүн түзүлбөгөндүгүн баса белгиледи.

«Адам жакшы жашагысы келет. Аны эч кимге тыюу сала албайбыз. Силер дагы жакшы жашап, балдарыңарды окутуп, жакшы билим берип, бутуна тургузуп, ата-энелик милдетиңерден кутулгуңар келет. Тууган-урук, бир тууган деген бар. Аларга жардам бергиңер келет. Бирок, ал жеке милдет, карызыңарды аткарыш үчүн элдин, мамлекеттин ырысыкысына кол салганга эч ким укук берген эмес», — деп баса белгиледи Президент жана жакшы жашоону каалагандарга ишкерлик менен алектенип, өз кызыкчылыктарын кызматтык милдеттери менен аралаштырбоо кеңешин берди.