Жаңылыктар

2018-жылдын 6-августунда "Түндүк" мамлекеттик ишканасы "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын презентациясын өткөрдү.

2018-жылдын 6-августунда "Түндүк" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын презентациясын өткөрдү.

Ошого байланыштуу, Экономика министрлиги борбордук министрликтердин бири болуп саналат жана бюджетти түзүүдө саясатты аныктайт (анын ичинде жеке ишкердикти жөнгө салуу, региондук жана экономикалык өнүгүү, фискалдык жана бажы, техникалык жөнгө салуу ж.б.), ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн көз карашынан алганда, канча процессти автоматташтырууга болорун айтып бердик.

Презентациянын жыйынтыгында катышуучулар белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн келечектүү багыт - бул "Түндүк" тутумуна кошулуу, жана Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү максатында экономика тармактарын автоматташтыруу болуп эсептелинет.