Жаңылыктар

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети KOICA и KISCA менен "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун талкуулашты

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, жана "Түндүк" МИнин жетекчилиги "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун модернизациялоо жана потенциалын өнүктүрүү" долбоорун Кореянын өкүлдөрү менен талкуулашты.
 
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, "Түндүк" МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева 2018-жылдын сентябрынан тартып 64 министрлик жана ведомстволор, 42 коммерциялык уюм техникалык жактан туташтырылган, алардын ичинен 51 министрлик жана ведомстволор жана 30 коммерциялык уюмдар "Түндүк" тутуму аркылуу маалымат алмашып турат.
 
"Түндүк" тутуму аркылуу маалымат алмашуу 2018-жылдан баштап азыркы учурда 142,5 млн транзакцяларды түзгөн. Алардын ичинен 65,3 млн.транзакциялар мамлекеттик органдардын ортосунда өндүрүлгөн, 77,2 млн. транзакциялар коммерциялык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, 124 034 транзакциялар 2020-жылы автоматташтырылган режимде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө жүргүзүлдү"- деди Н.Кутнаева, ошондой эле корей тарапка биргелешкен долбоордун активдүү фазасынын башталышы үчүн ыраазычылык билдирди.
 

Жолугушууда, COVID-19 жайылуусунун абалын, ишке ашыруу графигин, ошондой эле долбоордун бардык катышуучуларынын ролун эске алуу менен, долбоорду ишке ашыруу планы сунушталды.


"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун потенциалын модернизациялоо жана өнүктүрүү" долбоору электрондук өз ара аракеттенүүнүн мамлекеттик тутумун илгерилетүү аркылуу мамлекеттик функцияларды жана жарандарга көрсөтүлгөн кызматтарды оптималдаштырууга багытталган.

Долбоордун алкагында маалымат борборун түзүү, Тундук тутумунун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле кызматкерлерди окутуу пландаштырылууда.

Онлайн жолугушууга Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору О.Донггил жана KISCA (Korea Information Systems Consulting & Audit) жана EGIS (Electronic Geographic Information System) консорциумунун өкүлдөрү катышты.
Басма сөз кызматынын маалыматы:

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын потенциалын модернизациялоо жана өнүктүрүү

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2020-2024

Долбоордун бюджети: $5 млн.

Долбоордун компоненттери:
1-Компонент. Талдоо, иштеп чыгуу жана бизнес-процесстердикайра иштеп чыгуу  жана анын маалыматтык стратегиялык пландаштыруусу (BPR / ISP)

2-Компонент. Электрондук өз ара аракеттенүү маалыматтарды иштеп чыгуу борборун реконструкциялоо (Окуу борбору / конференц-залды кошкондо) жана жабдууларды берүү

3-Компонент. "Түндүк" өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык электрондук тутумун өркүндөтүү жана мамлекеттик кызмат порталынын кошумча функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.

4-Компонент. Мамлекеттик чиновниктердин адам потенциалын өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу.

Жергиликтүү өнөк: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, "Түндүк"электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы.