Жаңылыктар

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

Бишкек (АКИpress) - Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «Санариптик Кыргызстан» долбооруна кошулуу боюнча кеңешме өткөргөндүгү тууралуу, басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин айтымында, иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстандагы табигый кырсыктардын алдын алуу жана изилдөө, табигый же техногендик мүнөздөгү кырсыктардын кесепеттерин жоюу же азайтуу, өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгон учурда ыкчам аракеттерди көрүү, коррупциянын алдын алуу жана жарандар менен тыгыз байланышта болуу.

Кененирээк: kg.akipress.org/news:1658071/?f=cp