Жаңылыктар

Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо агенттиги «Түндүк» тутумун киргизүү маселесин талкуулады (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде 30-июлда кеңешме болуп өттү.

Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде агенттиктин мүдүрү Кадыров Баянбек Эсенович, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Чогулуш учурунда «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү  тутумун  ишке киргизүү презентациясын сунуштады. 

"Өз сөзүндө А.Рустамов электрондук өз ара аракеттенүү тутуму – бул мамлекеттик органдын ишин жана жарандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун маанилүү этабы экенин белгиледи. Ошондуктан Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин ар бир түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчиси  "Түндүк" тутумунун ишке ашыруу процессине бүткүл жоопкерчилиги менен жакындашы керек, - деп айтылат билдирүүдө.

"Түндүк" тутумунун максаты мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, мамлекеттик мекемелер жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта берүүдө электрондук өз ара аракеттенишүүнү камсыздоо болуп эсептелинет,- белгилейт Мамагенттик.

"Учурда бул система дүйнөнүн 20 өлкөсүндө иштелип чыгууда. Эксперттердин баасында, Кыргызстанда "Түндүк" тутумун киргизүүдө ал бюджетти жылына 300 млн АКШ долларына чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт.  "Түндүк" борборунун өкүлдөрү маалымдагандай, бүгүнкү күндө 17 мамлекеттик органдар, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулду", - деп белгиледи басма сөз кызматы.