Жаңылыктар

МИнин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланды

Бүгүн бизде кубанычтуу күн!

Сыймыктануу менен кабарлайбыз: "Тундук" МИнин мүдүрү Нурия Кутнаева, мүдүрдүн орун басары Азамат Буржуев, программист Бексултан Галиев КР Ички иштер министрлигинин министрлигинин активдүү өз ара аракеттенүүсү, жемиштүү кызматташтыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча жүргүзгөн иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал мезгилинде алар өзүнүн билимине жана тажрыйбасына таянып, калкка сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча натыйжалуу ишти түзүүгө жетишти. Бүгүн миң жаран үйдөн чыкпай туруп, кызмат көрсөтүүнү онлайн-режимде алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.