Жаңылыктар

Коррупциялык схемалар товарларды өткөрүүдө жоюлат, - Премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Новиков

Tazabek - премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө контрабандалык схемаларды жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 
"Учурда "Түндүк" мамлекеттик ишканасы жалпы өткөрүү пункттарында технологиялык процессти маалыматтык коштоо менен камсыздоонун үстүндө иштеп жатат. Жылыштар бар. Кырдаалдык борбор ачылды, товарлардын ар күндүк эсебин алуучу электрондук маалыматтар базасы түзүлдү. Бирок, бардык бул компоненттер бири-бири менен бириктирилген эмес.
 
Ошондуктан автотранспорт каражаттарынын номерлерин таанып билүү системасын, бажы, салык жана чек ара кызматтарынын контролдоо системасын, "Бетомонд" системасын, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында белгиленген видеокамераларды, товарлардын кыймылынын каттамын байкоого алуу жана кампаларда жайгаштыруу тутумун, башка мамлекеттер менен маалымат алмашуу тутумун камтыган бардык келип түшкөн маалыматтардын бирдиктүү базасы түзүлөт.
 
Ошентип, товардын бүтүндөй жүрүү процессине мониторинг жүргүзүү ишке ашырылат. Товарларды өткөрүүдөгү коррупциялык схемалар жоюлат, ал эми салык, бажы кызматтарын автоматташтыруу процесси толугу менен аягына чыгарылат", - деди А.Новиков.
 
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу ушул айдын аягына чейин тышкы чек арадагы "Эркечтам", "Торугарт" жана "Достук" өткөрмө пункттарын, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин чек арасындагы бардык өткөрүү пункттарын кошуу тапшырмасын берди.
 
"Түндүк" МИге эки ай аралыгында аналитикалык платформаны жана эсепке алынбаган жүктөрдү аныктоо тобокелдик тутумун кошуу менен маалыматтык системаны толуктап иштеп чыгууну камсыздоо тапшырылды.

Булак: www.tazabek.kg/news:1676532?f=cp