КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 19-июлу № 128 Электрондук колтамга жөнүндө

Жарыяланган  04/12/2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 19-июлу № 128

Электрондук колтамга жөнүндө

2017-жылдын 15-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

  1. Ушул Мыйзам жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда, ошондой эле юридикалык маанилүү аракеттерди жасоодо электрондук колтамганы пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салат.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамилелердин айрым түрлөрүндө (шайлоону даярдоо жана өткөрүү, жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, бухгалтердик эсептерди жүргүзүү жана башка) электрондук колтамгаларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:

1) электрондук колтамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, атынан маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;

2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты - күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген жана колтамга текшерүү ачкычы колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине таандык экенин тастыктаган электрондук документ же кагаз түрүндөгү документ;

3) колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары - квалификацияланган сертификат) - аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты;

4) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты берилген адам;

5) колтамга ачкычы - электрондук колтамганы түзүүгө арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;

6) колтамга текшерүү ачкычы - колтамга ачкычы менен бир мааниде байланышкан жана электрондук колтамганын аныктыгын текшерүүгө (мындан ары - электрондук колтамганы текшерүү) арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;

7) күбөлөндүрүүчү борбор - колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;

8) күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө - күбөлөндүрүүчү борбордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгын электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген аткаруу бийлик органынын таануусу;

9) электрондук колтамга каражаттары - төмөнкүдөй функциялардын эч болбогондо бирин: электрондук колгамганы түзүүнү, электрондук колтамганы текшерүүнү, колтамганын ачкычтарын жана колтамганы текшерүү ачкычтарын түзүүнү ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар;

10) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттары - колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзүү, сактоо жана берүү функцияларын ишке ашыруу, ошондой эле колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарынын реестрин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу программалык жана (же) аппараттык каражаттар;

11) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары - электрондук формада маалымат алмашуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, алардын бирликтери жана бирикмелери, ошондой эле жарандар;

12) корпоративдик маалыматтык тутум - белгилүү бир адамдардын чөйрөсү электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары болуп саналган маалыматтык тутум;

13) жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутум - адамдардын аныкталбаган чөйрөсү электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары болуп саналган жана бул адамдардын пайдалануусуна тыюу салууга мүмкүн болбогон маалыматтык тутум;

14) маалыматтык тутумдун оператору - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, түздөн-түз өздөрү же болбосо өз өкүлдөрү аркылуу аракеттенүүчү, маалыматтык тутумду, анын техникалык жана программалык коштомосун иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке, юридикалык жак, мамлекеттик бийлик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

3-берене. Электрондук колтамгаларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

  1. Электрондук колтамганы пайдалануу жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам, электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынат.
  2. Корпоративдик маалыматтык тутумда электрондук колтамганы пайдалануунун тартиби, эгерде электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул тутумдун ээси тарабынан же андагы электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусу менен белгилениши мүмкүн.
  3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрү, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын туура келүүчүлүгүн камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4-берене. Электрондук колтамганы пайдалануу принциптери

Электрондук колтамганы пайдалануу принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде электрондук колтамганын конкреттүү түрүн аны пайдалануунун максаттарына ылайык пайдалануу тууралуу талап мыйзам актыларында, башка ченемдик укуктук актыларда (мыйзам актыларында мындай мүмкүнчүлүктөр каралган учурларда), же болбосо электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашууда каралбаса, электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын электрондук колтамганын кайсы болбосун түрүн өз ыктыяры боюнча пайдалануу укугу;

2) электрондук колтамгалардын конкреттүү түрлөрүн пайдаланууга карата ушул Мыйзамдын талаптарын аткарууга мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун технологияны жана (же) техникалык каражаттарды электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын өз ыктыяры боюнча пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

3) электрондук колтамганын конкреттүү түрүн пайдаланууга карата мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптардын бул электрондук колтамганы пайдалануу максаттарына ылайык келүүсү;

4) электрондук документтеги колтамга өзүнүн колтамгасы эмес деген негизде гана электрондук колтамганы жана (же) ал коюлган электрондук документти юридикалык күчкө ээ эмес деп таанууга жол бербөө.

5-берене. Электрондук колтамгалардын түрлөрү

  1. Жөнөкөй электрондук колгамга жана күчөтүлгөн электрондук колтамга пайдаланылышы жаатындагы мамилелер ушул Мыйзамда жөнгө салынган электрондук колтамга түрлөрү болуп саналат. Күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланбаган электрондук колтамга) жана күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланган электрондук колтамга) өз-өзүнчө бөлүнөт.
  2. Колтамга ачкычы (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор) электрондук колтамганын өзүнө дал келген электрондук колтамга жөнөкөй электрондук колтамга болуп саналат.
  3. Төмөнкү белгилерге ылайык келген электрондук колтамга квалификацияланбаган электрондук колтамга болуп саналат:

1) колтамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында электрондук колтамга алынат;

2) электрондук колтамга электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берет;

3) электрондук колтамга электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк берет;

4) электрондук колтамга электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт.

  1. Квалификацияланбаган электрондук колтамганын бардык белгилерине жана төмөнкүдөй кошумча белгилерге ээ болгон электрондук колтамга квалификацияланган электрондук колтамга болуп саналат:

1) электрондук колтамганы текшерүү ачкычы квалификацияланган сертификатта көрсөтүлөт;

2) электрондук колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келишине тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттары пайдаланылат.

  1. Эгерде электрондук колтамганын квалификацияланбаган электрондук колтамганын ушул Мыйзамда белгиленген белгилерине ылайык келүүсүн колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын пайдаланбастан камсыз кылууга мүмкүн болсо, квалификацияланбаган электрондук колтамганы пайдаланууда колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты түзүлбөшү мүмкүн.

6-берене. Электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документтер менен бир мааниде деп таануу шарттары

  1. Документти электрондук формада түзүүгө тыюу салуу мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларды кошпогондо, квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук формадагы маалымат өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги электрондук документ деп таанылат.
  2. Эгерде документти электрондук формада түзүүгө тыюу салуу мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленбесе гана, ченемдик укуктук актыларда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда белгиленген учурларда, жөнөкөй электрондук колтамга же квалификацияланбаган электрондук колтамга коюлган электрондук формадагы маалымат өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги электрондук документ деп таанылат. Квалификацияланбаган электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документ менен бирдей мааниде деп таануу учурларын белгилөөчү ченемдик укуктук актыларда жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашууларында электрондук колтамганы текшерүүнүн тартиби каралышы керек.
  3. Эгерде мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же документтерди иштиктүү жүгүртүү адатына ылайык кагаз түрүндөгү документ мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болсо, күчөтүлгөн электрондук колтамга коюлган электрондук документ өз колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ менен бирдей маанидеги документ деп таанылат. Ченемдик укуктук актыларда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда электрондук документти мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документ менен бирдей мааниде деп таануу максатында электрондук документке карата кошумча талаптар каралышы мүмкүн.
  4. Электрондук документтердин пакетине, башкача айтканда өз ара байланышкан бир нече электрондук документтерге бир электрондук колтамга коюлушу мүмкүн. Электрондук документтердин пакетине электрондук колтамга коюуда ушул пакетке кирүүчү документтердин ар бирине электрондук колтамганын электрондук документтердин пакетине коюлган түрү коюлду деп эсептелет.
  5. Эгерде мыйзамдарга, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, так отчеттуулук бланкасын пайдалануу менен кагаз түрүндөгү документтерди тариздөөгө өзгөчө талаптар коюлса, квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документ бул талаптарга ылайык келет деп эсептелет.

7-берене. Чет өлкөлүк электрондук колтамгаларды таануу

  1. Чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык түзүлгөн электрондук колтамгалар Кыргыз Республикасында ушул Мыйзамга ылайык белгилери туура келген электрондук колтамга түрү деп таанылат.
  2. Электрондук колтамга жана ал коюлган электрондук документ колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык берилген деген негизде гана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелиши мүмкүн эмес.

8-берене. Электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

  1. Электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген аткаруу бийлик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
  2. Ыйгарым укуктуу орган:

1) күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде бул күбөлөндүрүүчү борборлор ылайык келе тургандыгына аккредиттелген талаптардын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырат жана алардын сакталбагандыгы табылган учурларда бузууларды четтетүү боюнча жазма эскертүүлөрдү берет;

2) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырат.

  1. Ыйгарым укуктуу орган маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен төмөнкү маалыматтарга карата аларды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз жеткиликтүү кылууну камсыз кылууга милдеттүү:

1) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун аталыштарын, даректерин;

2) башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттардын реестрин;

3) аккредиттөөсү жокко чыгарылган күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

4) аккредиттөөсү токтотулуп коюлган аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

5) иши токтотулган аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

6) ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилген сертификаттардын реестрин.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун иши токтотулган учурда реестрлерди жана башка маалыматты ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүнүн тартибин;

2) квалификацияланган сертификаттардын реестрин түзүүнүн жана алып баруунун, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү тартибин;

3) күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнүн эрежелерин, анын ичинде бул күбөлөндүрүүчү борборлор ылайык келе тургандыгына аккредиттелген талаптардын күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан сакталышын текшерүү тартибин.

  1. Коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы:

1) квалификацияланган сертификаттын формасына карата талаптарды белгилейт;

2) электрондук колтамга каражаттарына жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарына карата талаптарды белгилейт;

3) электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгын тастыктоону жүзөгө ашырат жана мындай каражаттардын тизмегин жарыялайт.

9-берене. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдалануу

  1. Төмөнкү шарттардын бири аткарылганда электрондук документке жөнөкөй электрондук колтамга коюлду деп эсептелет:

1) жөнөкөй электрондук колтамга электрондук документтин өзүндө камтылат;

2) маалыматтык тутумду пайдалануу менен электрондук документти түзүү жана (же) жиберүү жүзөгө ашырыла турган маалыматтык тутумдун оператору тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык жөнөкөй электрондук колтамганын ачкычын көрсөтүү мындай маалыматтык тутумду пайдалануу менен электрондук документ түзүүнүн жана (же) жиберүүнүн зарыл шарты болот жана түзүлгөн (жиберилген) электрондук документте бул электрондук документ өзүнүн атынан түзүлгөн (жиберилген) жакты бир мааниде көрсөтүүчү маалымат камтылат;

  1. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдаланууда колтамга текшерүү ачкычы, электрондук колтамга каражаттары жана колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты колдонулбайт.
  2. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдалануу учурлары жана тартиби жөнөкөй электрондук колтамга коюлган электрондук документтердин өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документтер менен тең мааниде экендиги каралган ченемдик укуктук актыларда жана (же) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы макулдашууларда белгиленет. Мындай актыларда жана макулдашууларда атап айтканда төмөнкүлөр каралышы керек:

1) электрондук документке кимдин атынан кол коюлгандыгын жөнөкөй электрондук колтамга боюнча аныктоо механизми;

2) жөнөкөй электрондук колтамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети.

  1. Күчөтүлгөн электрондук колтамга үчүн белгиленген эрежелер жөнөкөй электрондук колтамганы түзүүгө, берүүгө жана пайдаланууга карата колдонулбайт.
  2. Жөнөкөй электрондук колтамгаларды мамлекеттик жашырын сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган электрондук документтерге кол коюу үчүн пайдаланууга же мамлекеттик жашырын сырды түзүүчү маалыматтар камтылган маалыматтык тутумда пайдаланууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык күбөлөндүрүүнү же мамлекеттик каттоону талап кылуучу электрондук документтерди түзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

10-берене. Күчөтүлгөн электрондук колтамганы пайдаланууда электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын милдеттери

Күчөтүлгөн электрондук колтамганы пайдаланууда электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колтамга ачкычынын купуялулугун камсыз кылууга, атап айтканда аларга таандык колтамгалардын ачкычтарын алардын макулдугусуз пайдаланууга жол бербөөгө;

2) кайсы болбосун учурда, колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгы тууралуу маалыматты алган учурдан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борборго жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына мындай бузуу жөнүндө токтоосуз билдирүүгө;

3) колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп болжолдоого негиз болгондо бул ачкычты пайдаланбоого;

4) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгына тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттарын квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз ара алышууну жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга.

11-берене. Квалификацияланган электрондук колтамганын аныктыгын таануу

Соттун чечими менен башкача белгиленгенге чейин, квалификацияланган электрондук колтамга төмөнкү шарттарды бир убакта сактоо менен анык деп таанылат:

1) колтамга текшерүү ачкычын камтыган квалификациялуу сертификат аталган сертификат берилген күнгө карата аккредиттөөсү анык болгон (токтотулуп коюлбаган, токтотулбаган, жоюлбаган) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан түзүлгөндүгү жана берилгендиги;

2) колтамга текшерүү ачкычын камтыган квалификацияланган сертификат электрондук документке кол коюу күнүнө карата (электрондук документке кол коюу учуру тууралуу анык маалымат болгондо) же, эгерде кол коюу учуру белгисиз болсо, текшерүү күнүнө карата анык болгондугу (колдонулуусу токтотулбагандыгы, жокко чыгарылбагандыгы);

3) электрондук документке коюлган квалификацияланган электрондук колтамганын сертификатынын өз ээсине таандыктыгын жана бул документке кол коюлгандан кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн жок экендигин текшерүү оң натыйжа бергендиги. Мында текшерүү ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келе тургандыгына ырастоо алган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен жана документке колтамга койгон адамдын квалификацияланган сертификатын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат;

4) квалификацияланган электрондук колтамга бул документке кол койгон адамдын квалификацияланган сертификатында камтылган чектөөлөргө ылайык колдонула тургандыгы (эгерде чектөөлөр белгиленсе).

12-берене. Электрондук колтамга каражаттары

  1. Электрондук колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн, колтамга ачкычтарын жана колтамга текшерүү ачкычтарын түзүү үчүн электрондук колтамга каражаттары пайдаланылышы керек, алар:

1) кол коюлган электрондук документти ага кол коюлгандан кийин өзгөртүү фактысын аныктоого мүмкүндүк берет;

2) колтамга ачкычын электрондук колтамга ачкычынан же аны текшерүү ачкычынан алып чыгуунун иш жүзүндө мүмкүн эместигин камсыз кылат;

  1. Электрондук колтамганы түзүүдө электрондук колтамга каражаты:

1) электрондук документке кол коюучу адамга ал кол коюп жаткан маалыматтын мазмунун көрсөтүүгө тийиш;

2) маалыматка кол коюучу адам электрондук колтамганы түзүү боюнча операцияны ырастагандан кийин гана электрондук колтамганы түзүүгө тийиш;

3) электрондук колтамганын түзүлгөндүгүн бир мааниде жана айкын көрсөтүүгө тийиш.

  1. Электрондук колтамганы текшерүүдө электрондук колтамга каражаты:

1) электрондук колтамга коюлган электрондук документтин мазмунун көрсөтүүгө тийиш;

2) электрондук колтамга коюлган электрондук документке өзгөртүүлөр киргизилгенин көрсөтүүгө тийиш;

3) колтамгасынын ачкычын пайдалануу менен электрондук документтерге колтамга коюлган адамды көрсөтүүгө тийиш;

  1. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган электрондук документтердеги электрондук колтамгаларды түзүүгө арналган же мамлекеттик сырды камтуучу маалыматтык тутумда пайдаланууга арналган электрондук колтамга каражаттары жашырындуулуктун тийиштүү деңгээлиндеги маалыматтарды коргоо боюнча талаптарга ылайык келишине милдеттүү түрдө сертификатталат.

Купуя маалыматтар камтылган электрондук документтердеги электрондук колтамганы түзүүгө арналган электрондук колтамга каражаттары мындай маалыматтын купуялуулугун бузбоосу керек.

  1. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү талаптар маалыматтык тутумда электрондук колтамгаларды автоматтык түрдө түзүү же текшерүү үчүн пайдаланылуучу электрондук колтамга каражаттарына карата колдонулбайт.

13-берене. Күбөлөндүрүүчү борбор

  1. Күбөлөндүрүүчү борбор:

1) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзөт жана аны мындай сертификатты алуу үчүн кайрылган адамга (мындан ары - арыз берүүчү) берет;

2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарынын колдонуу мөөнөттөрүн белгилейт;

3) өзү берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарын жокко чыгарат;

4) арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын (анын ичинде күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан түзүлгөн) камтыган, же болбосо арыз берүүчүнүн өзүнө колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу электрондук колтамга каражаттарын берет;

5) өзү берген жана жокко чыгарган колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын реестрин (мындан ары - сертификаттар реестри) жүргүзөт, бул реестрде борбор өзү берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарында камтылган маалыматтар, ошондой эле колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулушун токтотуунун (жокко чыгаруунун) датасы жана негиздери тууралуу маалыматтар камтылат;

6) квалификацияланган деп саналбаган сертификаттардын реестрин жүргүзүүнүн тартибин жана ага жетүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле сертификаттар реестринде камтылган маалыматтарга адамдардын жетүүсүн, анын ичинде Интернетти пайдалануу менен жетүүсүн камсыз кылат;

7) арыз берүүчүлөрдүн кайрылуулары боюнча колтамга ачкычын жана колтамга текшерүү ачкычын түзөт.

Колтамга ачкычтарын түзгөн учурда күбөлөндүрүүчү борбор мындай ачкычтардын купуялуулугун камсыз кылат;

8) ушул күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттар реестриндеги колтамга текшерүү ачкычтарынын уникалдуулугун текшерет;

9) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын кайрылуулары боюнча электрондук колтамганы текшерүүнү жүзөгө ашырат;

10) электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан башка иштерди жүзөгө ашырат.

  1. Күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) арыз берүүчүлөргө жазуу жүзүндө электрондук колтамганы жана электрондук колтамга каражаттарын пайдалануунун шарттары жана тартиби, электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан тобокелдиктер жана электрондук колтамгалардын жана аларды текшерүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар тууралуу маалымат берүүгө;

2) сертификаттар реестринде камтылган маалыматтын актуалдуулугун камсыз кылууга жана аны укук ченемсиз жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан, модификациялоодон, бөгөттөөдөн, ошондой эле мындай маалыматка карата укук ченемсиз башка аракеттерден коргоого;

3) кайсы адамга болбосун анын кайрылуусу боюнча, сертификаттар реестрине жетүүнүн белгиленген тартибине ылайык, күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттар реестринде камтылган маалыматтарды, анын ичинде колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу боюнча маалыматтарды акысыз берүүгө;

  1. Күбөлөндүрүүчү борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдүн натыйжасында башка жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат:

1) кызматтарды көрсөтүү келишиминде каралган милдеттенмелерди күбөлөндүрүүчү борбордун аткарбоосунун же талаптагыдай эмес аткаруусунун;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун.

  1. Күбөлөндүрүүчү борбор башка жактарга (мындан ары - ишенимдүү жактарга) бул күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген кол тамга текшерүү ачкычынын сертификатына негизделген электрондук кол тамга коюлуучу кол тамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын түзүү жана күбөлөндүрүүчү борбордун атынан берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
  2. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күбөлөндүрүүчү борбор ишенимдүү жактарга карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат жана аларга карата төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) ишенимдүү жактар берген колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарында көрсөтүлгөн текшерүү ачкычтарын, электрондук колтамгаларды текшерүүнү жүзөгө ашырат;

2) ишенимдүү жактардын ортосундагы жана ишенимдүү жактардын жана күбөлөндүрүүчү борбордун ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

  1. Сертификаттар реестрине киргизилген маалымат, эгерде ченемдик укуктук актыларда андан кыска мөөнөт каралбаса, күбөлөндүрүүчү борбордун ишинин бүткүл мөөнөтү ичинде сакталууга жатат. Күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жактарга өткөрбөстөн токтотулган учурда ал күн мурдатан, бирок ишин токтотуу датасына чейин бир айдан кечиктирбестен бул тууралуу өзү берген, колдонуу мөөнөтү бүтө элек колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлерине жазуу жүзүндө билдириши керек. Көрсөтүлгөн учурда, күбөлөндүрүүчү борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттар реестрине киргизилген маалымат жок кылынууга тийиш.

Күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жактарга өткөрүү менен токтотулган учурда, ал күн мурдатан, бирок өз функцияларын өткөрүүнүн датасына чейин бир айдан кечиктирбестен бул тууралуу өзү берген, колдонуу мөөнөтү бүтө элек колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттарынын ээлерине жазуу жүзүндө билдириши керек. Көрсөтүлгөн учурда, күбөлөндүрүүчү борбордун иши аяктагандан кийин, сертификаттар реестрине киргизилген маалымат өз ишин токтоткон күбөлөндүрүүчү борбордун функциялары өткөрүлгөн жакка берилүүгө тийиш.

  1. Күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын ишке ашыруунун, ушул беренеде белгиленген анын укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун тартиби, эгерде ченемдик укуктук актыда же электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан өз алдынча аныкталат.
  2. Өз ишин жалпы пайдалануудагы маалыматтык системаны пайдалануу менен, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө карата ишке ашыруучу күбөлөндүрүүчү борбордун кызматтарын көрсөтүү келишими жарыя келишим болуп саналат.

14-берене. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты

  1. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзүүнү жана берүүнү күбөлөндүрүүчү борбордун жана арыз берүүчүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат.
  2. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) анын колдонуу мөөнөтүнүн башталуу жана аяктоо даталары;

2) жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), (юридикалык жактар үчүн - аталышы) же колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин башка идентификатору;

3) колтамга текшерүү ачкычы;

4) пайдаланылып жаткан электрондук колтамга каражаттарынын аталышы жана (же) талаптарына колтамга ачкычы жана колтамга текшерүү ачкычы туура келүүгө тийиш болгон стандарттар;

5) сертификатты берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы.

  1. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын юридикалык жакка колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары берген учурда, юридикалык жактын аталышы менен бир катарда юридикалык жактын уюштуруу документтеринин же ишеним катынын негизинде юридикалык жактын атынан аракеттерди жүргүзүүчү жеке жакты да көрсөтүү керек. Маалыматтык системада электрондук колтамгаларды автоматтык түрдө түзүү же текшерүү үчүн колдонулуучу колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарында юридикалык жактын атынан аракеттерди жүргүзүүчү жеке жакты колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары көрсөтпөй коюуга жол берилет. Мындай колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси катары аталган сертификатта көрсөтүлгөн юридикалык жак таанылат.
  2. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификаттарын электрондук документ формасында да, кагаз түрүндө да берүүгө укуктуу. Электрондук формада берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси сертификаттын күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан ырасталган кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн да алууга укуктуу.
  3. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты, эгерде сертификаттын өзүндө башка дата көрсөтүлбөсө, ал берилген учурдан тартып колдонууга кирет.

Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты тууралуу маалыматтар күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан, сертификатта көрсөтүлгөн колдонууга кирүү датасынан кечиктирилбестен сертификаттар реестрине киргизилиши керек.

  1. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) анда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү аяктаган;

2) колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин электрондук формада же кагаз түрүндө берилген арызы боюнча;

3) күбөлөндүрүүчү борбордун иши анын функцияларын башка жакка өткөрбөстөн токтотулган;

4) мыйзамда же күбөлөндүрүүчү борбордун колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээси менен макулдашуусунда белгиленген башка учурларда.

  1. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу токтогондугу тууралуу маалымат күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусун токтотууга алып келген жагдайлар келип чыккандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү борборго белгилүү болгон учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде сертификаттар реестрине киргизилиши керек. Колдонулуусун токтотуу тууралуу жазуу сертификаттар реестрине киргизилгенден учурдан тартып, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын колдонулуусу токтотулат.
  2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими боюнча, анын ичинде колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында анык эмес маалыматтар камтылгандыгы сот чечиминде белгиленген учурда, күбөлөндүрүүчү борбор токтоосуз түрдө, бир жумушчу күндөн кечиктирбестен сертификаттар реестрине сертификатты жокко чыгаруу тууралуу жазууну киргизүү жолу менен колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгарат.
  3. Жокко чыгарылган колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу, аны жокко чыгарууга байланышкандарын кошпогондо, юридикалык натыйжаларга алып келбейт.

Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу боюнча маалыматтарды сертификаттар реестрине киргизгенге чейин колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсин анын сертификаты жокко чыгарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабардар кылууга милдеттүү.

15-берене. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор

  1. Аккредиттөө алган күбөлөндүрүүчү борбор аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат.
  2. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкү маалыматтарды сактоого милдеттүү:

1) жеке жактын - квалификацияланган сертификаттын ээсинин ким экендигин тастыктоочу негизги документтин реквизиттерин;

2) квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылган арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын атынан чыгуучу адамдын укугун тастыктоочу документтин аталышы, номери жана берилген датасы тууралуу маалыматтарды;

3) эгерде квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактардын тапшырмасы менен аракет жүргүзүүгө ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилсе, квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактардын тапшырмасы менен аракет жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин аталышы, номери жана берилген датасы тууралуу маалыматтарды.

  1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында андан кыска мөөнөт көрсөтүлбөсө, көрсөтүлгөн маалымат аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо анын иштөө мөөнөтүнүн ичинде сакталышы керек.

Маалымат анын бүгүндүгүн жана аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген формада сакталышы керек.

Күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификаттын ээсине таандык болгон жана аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сакталган маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн квалификацияланган сертификаттын ээсине камсыз кылууга тийиш.

  1. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун иштөөсү токтотулган учурда ал төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) күбөлөндүрүүчү борбордун иштөөсү токтой турган датага чейин бир айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга бул жөнүндө билдирүүгө;

2) сертификаттардын реестрин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга өткөрүүгө;

3) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сакталууга тийиш маалыматтарды белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга өткөрүүгө.

16-берене. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө

  1. Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө юридикалык жактар болуп саналган күбөлөндүрүүчү борборлорго карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.

Эгерде күбөлөндүрүүчү борбордун арызында андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө беш жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат.

  1. Аккредиттөө күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан төмөнкүдөй талаптар аткарылган шартта берилет:

1) күбөлөндүрүүчү борбордун таза активдеринин наркынын бир миллион сомдон кем эмес болушу;

2) күбөлөндүрүүчү борбор берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтарга же күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттарынын реестринде камтылган маалыматка ишенүүнүн натыйжасында башка жактарга келтириле турган чыгашалар үчүн жоопкерчиликти финансылык камсыз кылуунун бир жарым миллион сомдон кем эмес суммада болушу;

3) коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы белгилеген талаптарга ылайык келишине тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын болушу;

4) күбөлөндүрүүчү борбордун штатында колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзүү жана берүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашыруучу, маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими бар же болбосо жогорку же орто кесиптик билими бар жана электрондук колтамганы пайдалануу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн кеминде 2 кызматкердин болушу.

  1. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө анын ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

Арызга күбөлөндүрүүчү борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктоочу документтер тиркелет.

  1. Ыйгарым укуктуу орган берилген документтердин негизинде 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө же аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө тууралуу чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредиттөө тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, кабыл алынган чечим тууралуу күбөлөндүрүүчү борборду кабардар кылат жана аккредиттөө жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү тапшырат. Башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү берүү менен бир убакта, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборго аталган башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификатты берет.

Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүүчү борборго кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама жиберет же тапшырат.

  1. Күбөлөндүрүүчү борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга туура келбөөсү, же болбосо күбөлөндүрүүчү борбор берген документтерде анык эмес маалыматтардын болушу аккредиттөөдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
  2. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор ал туура келет деп аккредиттелген талаптарды аккредиттелген бүткүл мөөнөттүн ичинде сакташы керек. Аларды сактоонун мүмкүн эместигине алып келген жагдайлар келип чыккан учурда, күбөлөндүрүүчү борбор бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө тийиш.

Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор өз функцияларын жүзөгө ашырууда жана өзү алган милдеттенмелерин аткарууда күбөлөндүрүүчү борборлор үчүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоосу керек.

Ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөнүн бүткүл мөөнөтү ичинде, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруусуна текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү.

Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун аталган талаптарды сактабагандыгы айкындалган учурда, ыйгарым укуктуу орган күбөлөндүрүүчү борборго бул бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен, бузууларды четтетүү тууралуу жазма эскертүү берүүгө жана аккредиттөөнүн колдонулушун көрсөтүлгөн мөөнөткө токтотуп турууга, бул тууралуу маалыматтарды электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тизмекке киргизүүгө милдеттүү. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор анын аккредиттөөсүн токтотуп турууга негиз болгон бузуулар четтетилгендиги тууралуу ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Ыйгарым укуктуу орган бул бузуулардын иш жүзүндө четтетилгенин текшерүүгө укуктуу жана андан кийин аккредиттөөнүн колдонулушун кайра жаңыртуу тууралуу чечим кабыл алат, ал эми бузуулар жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбегенде күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөөнү жокко чыгарат.

  1. Күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптар жайылтылбайт.
  2. Башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамга ылайык аккредиттөөгө жатпайт.

17-берене. Квалификацияланган сертификат

  1. Квалификацияланган сертификат ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келе тургандыгына тастыктоо алган күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлүүгө жатат.
  2. Квалификацияланган сертификатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) квалификацияланган сертификаттын уникалдуу номери, анын колдонулушунун башталуу жана аяктоо даталары;

2) квалификацияланган сертификаттын ээсинин - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо), төрөлгөн жери жана датасы, же болбосо квалификациялуу сертификаттын ээсинин - юридикалык жактын аткаруу органынын аталышы (фирмалык аталышы), каттоо номери жана катталган жана (же) иш жүзүндө жайгашкан жери;

3) колтамга текшерүү ачкычы;

4) колтамга ачкычын, колтамга текшерүү ачкычын жана квалификацияланган сертификатты түзүү үчүн пайдаланылган электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын аталыштары, ошондой эле аталган каражаттардын ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келүүсүн тастыктоочу документтин реквизиттери;

5) квалификацияланган сертификатты берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы жана жайгашкан жери, күбөлөндүрүүчү борбордун квалификацияланган сертификатынын номери жана бул борборду аккредиттөө тууралуу күбөлүктүн реквизиттери;

6) квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөр (эгерде чектөөлөр белгиленсе);

7) арыз берүүчү тууралуу башка маалыматтар (арыз берүүчүнүн талабы боюнча).

  1. Эгерде арыз ээси тарабынан анын үчүнчү жактардын атынан аракеттерди жүргүзүү укугун тастыктоочу документтер күбөлөндүрүүчү борборго берилсе, арыз берүүчүнүн мындай укуктуулуктары жана алардын колдонулуу мөөнөтү тууралуу күбөлөндүрүүчү маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилет.
  2. Квалификацияланган сертификат коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы белгилеген талаптарга ылайык келген формада берилет.
  3. Арыз берүүчүгө квалификацияланган сертификат берген аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборго берилген квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган учурда, ошондой эле күбөлөндүрүүчү борбордун аккредиттөөсү жокко чыгарылган же анын мөөнөтү бүткөн учурда, арыз берүүчүгө аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор берген квалификацияланган сертификаттын колдонулуусу токтотулат.
  4. Квалификацияланган сертификаттын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгын болжолдоого негиздер болгондо, бул ачкычты пайдаланбоого жана квалификацияланган сертификат берген күбөлөндүрүүчү борборго бул сертификаттын колдонулуусун токтотуу үчүн дароо кайрылууга;

2) квалификацияланган электрондук колтамганы квалификацияланган сертификатта камтылган чектөөлөргө ылайык пайдаланууга (эгерде мындай чектөөлөр белгиленсе).

18-берене. Квалификацияланган сертификатты берүү

  1. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификатты берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификацияланган сертификатты алуу үчүн ага кайрылган арыз берүүчүнүн - жеке жактын ким экендигин аныктоого;

2) арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын атынан чыгуучу адамдан анын квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылууга укуктуулугуна тастыктоо алууга;

  1. Арыз берүүчү күбөлөндүрүүчү органга кайрылууда квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөрдү көрсөтүшү керек (чектөөлөр белгиленген учурларда), ошондой эле квалификацияланган сертификатка киргизүү үчүн ал берген маалыматтардын аныктыгын ырастоочу төмөнкүдөй документтерди же болбосо алардын талаптагыдай түрдө нотариаттык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүчү борборго берет:

1) арыз берүүчүнүн - жеке жактын ким экендигин ырастоочу негизги документти же арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын уюштуруу документтерин жана мамлекеттик каттоосу тууралуу күбөлүгүн;

2) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу тууралуу документтеринин мамлекеттик же расмий тилдеги, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосу (чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн);

3) арыз берүүчүнүн башка жактардын атынан кайрылуу укугун тастыктоочу ишеним кат же башка документ.

  1. Арыз берүүчү квалификацияланган сертификатты алганда, күбөлөндүрүүчү борбор андан тил кат алуу менен, аны квалификациялуу сертификатта камтылган маалыматтар менен тааныштырууга тийиш.
  2. Күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификатты берүү менен бир убакта квалификацияланган сертификаттын ээсине квалификацияланган электрондук колтамганы жана квалификацияланган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонмону да бериши керек.

19-берене. Корутунду жана өткөөл жоболор

  1. "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилген колтамга ачкычтарынын сертификаттары ушул Мыйзамга ылайык колтамга текшерүү ачкычтарынын сертификаттары деп таанылат жана колдонулуусун аларда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, ушул Мыйзамда квалификацияланган сертификаттар үчүн белгиленген эрежелер боюнча улантат.
  2. "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган электрондук санариптик колтамга коюлган электрондук документ ушул Мыйзам күчүнө кирген датага чейин, сот чечиминде башкача белгиленгенге чейин квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документ деп таанылат.

20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  2. "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-июлундагы № 92 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-июлунда № 84-85 (2809-2810) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев